Ошто Келдибековдун миңден ашык тарапташы митингке чыкты

Коррупцияга шектелип камакка алынган депутат Акматбек Келдибековдун тарапташтары саясатчынын баш коргоо чарасын үй камагына өзгөртүүнү талап кылып жатышат. Болжолдуу маалыматтар боюнча, алардын саны миңден ашык.

Келдибековдун тарапташтары камакка алынган депутаттын баш коргоо чарасынын өзгөртүлүшүн талап кылып жатышат. Түрдүү маалыматтар боюнча, чогулгандардын саны миңден ашык.

«Аянтта 3 миң чамалуу киши бар. Адамдар дагы деле келип жатышат», — деп билдирди митингдин күбөсү.

Бүгүн, 2-декабрда Бишкек шаардык соту депутаттын жактоочуларынын өтүнүчү менен Келдибековдун баш коргоо чарасын өзгөртүү маселесин карашы керек болчу, бирок отурум кийинкиге жылдырылды.

Ош милициясы даярдыкта турат. Ыкчам топтун 300 чамалуу кызматкери шаар мэриясынын ички короосунда кайтарууда.

IMG_6082

Келдибеков Социалдык фонд менен Салык кызматын башкарып турганда, ошондой эле парламент төрагасы болуп турган кезде «коррупциялык иштерге барган» деген айыптоолор менен 20-ноябрда камакка алынган.

Учурда ал Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин тергөө абагында камакта, ал анда 2014-жылдын 19-январына чейин камакта болот.

Башкы прокурор Аида Салянованын айтымында, эгер Келдибековдун күнөөлөрү далилденсе ал 10 жылдан ашык мөөнөткө эркинен ажыратылышы мүмкүн.

Оппозициялык саясатчы Мамлекеттик салык кызматын жетектеп турган 2008-2010-жылдары салык чогултуу боюнча функцияны «Бизнес партнер» деген жеке компанияга мыйзамсыз берген деп шектелүүдө.

Келдибеков ошондой эле 2005-жылы  «көчүрмөлөрдү басып чыгаруу үчүн жарандардын жеке камсыздандыруу эсептеринен» 21 млн. сом каражатты «Ротак-Бишкек» компаниясына мыйзамсыз бөлүп берген деп шектелип жатат.

Андан сырткары ал эл аралык парламенттик уюмдарда парламенттин толук ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн ишмердигин координациялоо маселеси боюнча атайын өкүлчүлүктүн кызматын мыйзамсыз түзгөн деп айыпталууда.

Башкы прокуратуранын маалыматы боюнча, ал атайын өкүлчүлүктү каржылоого 10 млн. сом жумшалган.

Келдибеков өзүнүн кармала тургандыгын билген жана алдын ала күнөөсү жоктугу жөнүндө видео кайрылуу жаздырууга үлгүргөн. Ал өзүн саясий мотивдер менен камакка алынды деп эсептеп жатат.

Автор: Эльдияр Арыкбаев

Сүрөттүн автору: Хулькар Исамова