Мурунку депутат Ташиевдин уулу уурулукка шектелип кармалды [+ видео]

Оппозициялык мурунку депутат Камчыбек Ташиевдин 18 жаштагы уулу Тамерлан уурулукка шектелип кармалды. Учурда ал Бишкек милициясынын убактылуу кармоочу жайында камакта.

Саясатчынын уулу 1-декабрда милиция рейд жүргүзүп жаткан маалда кармалган — бул тууралуу 24.kg маалымат агенттиги Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгына шилтеме жасап билдирди.

Милиционерлер Тамерлан Ташиев менен дагы үч өспүрүмдү борбордун 5-кичи районунда унаа дөңгөлөктөрүн уурдоого аракет кылып жаткан жеринен кармашты.

http://www.youtube.com/watch?v=nka08cVx2uM

Милиция кызматкерлери кармалгандардын унаасынан 8 кыш, 20 буроо, 3 баллон ачкычын жана бир домкрат табышкан.

«Алар унаанын жанына токтоп анын дөңгөлөктөрүн чечүүгө аракет кылышкан, бирок алардын колундагы ачкыч буроолорго туура келбей калып андан ары башка унааны издеп жөнөшкөн. Кийинчерээк ошол эле кичи райондо башка бир унаанын дөңгөлөгүн чечип башташканда аларды милиция кызматкерлери кармады», — деп жазган 24.kg маалымат агенттиги борбордук милициянын билдирүүсүнө таянып.

Мурунку депутаттын уулу дагы бир өспүрүм менен бирге Бишкек ШИИБисинин убактылуу кармоочу жайына камалды.

Учурда милиция алардын үйүндө тинтүү жүргүзүп жатат,  тергөө иш-чаралары улантылууда.

Кымчыбек Ташиев — оппозициялык «Ата-Журт» партиясынын лидери, парламенттин мурунку депутаты. Сот тарабынан 2012-жылдын октябрындагы митинг маалында бийликти басып алууга аракет кылган деп табылган соң мандатынан ажыратылган.