Атамбаев коррупционерлерге каршы «аёсуз күрөш» уланаарын убадалады [+ видео]

Президент Алмазбек Атамбаев коррупцияга шектелип камакка алынган депутат Акматбек Келдибековдун айланасындагы ызы-чуу тууралуу биринчи жолу билдирүү жасады. Өлкө башчысы оппозициялык саясатчынын аты-жөнүн атабастан эле саясатчылар «уурулук кылуудан коркуп кала тургандыктарын» убадалады.

Атамбаев өз көз карашын 3-декабрда Бишкекте өткөн айыл-чарба техникаларын тапшыруу салтанатында билдирди.

Өлкө башчысы өз сөзүндө ким жөнүндө айтып жатканын так билдирип, ал адамды аты-жөнүнөн атабаса да Kloop.kgнин редакциясы кеп коррупцияга шектелип камакка алынган депутат Акматбек Келдибеков жөнүндө болду деп түшүндү.

Атамбаев ири өлчөмдөгү коррупцияга айыпталган саясатчынын кармалышынан улам өлкөдө нааразычылык акцияларынын башталгандыгына «жаны кейип атканын» билдирди.

«Качан пенсионерлерди, карыларды, майыптарды тоногон адам үчүн согуш жарыялап жиберүүгө даяр кишилерди көргөндө жаным кейип кетүүдө. Бул албетте өтө өкүнүчтүү», — деди президент.

Мында өлкө башчысы «пенсионерлерди тоногон» деген сөз айкашы менен Келдибеков жөнүндө айткандыгы түшүнүктүү болуп турат — «Ата-Журттун» депутаты мурунку кездерди пенсия төлөп берүү менен алектенген Социалдык фонддун төрагасы болуп иштеген.

Саясатчылар «уурдагандан коркуп» калышат

Атамбаев мамлекеттик кызматта иштеп жүрүп миллионер болууга мүмкүн эмес экенин билдирди — муну менен ал дагы бир жолу эч качан ири бизнеске ээлик кылбаган Келдибеков тууралуу айтып жаткандыгынын четин чыгарды.

«Өмүр бою мамлекеттик кызматта таза иштеп келгендерден сурагылачы. Алар эптеп жашап жүрүшөт», — деди өлкө башчысы.

Атамбаев 2017-жылда аяктай турган мөөнөтүн дагы бир жолу эске салып, бийликтеги коррупцияга каршы «ырайымсыздык менен күрөшөөрүн» айтып убадалады.

«Азыр эле уурдагандан коркуп жатышат. Кийин мындан да көбүрөөк коркушат», —деп билдирди президент.

10 жылдан ашык мөөнөткө эркинен ажыратылы мүмкүн болгон депутат Келдибеков коррупция боюнча кылмыш иши козголгон алгачкы саясатчы эмес — саясатчыларды камакка алуу 2012-жылдын жай айларында Бишкектин мурунку мэри Нариман Түлеев кармалганда башталган.

2013-жылы Түлеев шаар башычысы болуп турганда автобус сатып алууда каржылык алдамчылыктарды жасоого күнөөлүү деп табылган.

Ал ортодо сынчылар коррупция үчүн камакка алууда бийлик тандоо жолу менен мамиле жасап жатат деп, өлкө жетекчилигин бир нече жолу айыпташкан — анткени буга чейин камакка негизинен оппозиция өкүлдөрү туш болуп келишкен.

Бирок 2-декабрда «кызмат абалын ашыкча пайдалануу» беренеси боюнча Атамбаев тарабынан негизделген Социал-демократтар партиясынын өкүлү — Бишкектин мэри Иса Өмүркуловго кылмыш иши козголду.

Автор: Бектур Искендер