Башкы прокуратура мэр Иса Өмүркуловду суракка алды

Бишкек шаарынын мэри Иса Өмүркулов шаардын түштүгүндөгү Жеңиш сейил багынын аянтын мыйзамсыз кыскартуу кылмыш иши боюнча 2-декабрь күнү кечинде суракка алынды.

Азырынча сурактын жыйынтыктары тууралуу эч нерсе белгисиз. Мэрдин өзү «Вечерний Бишкек» гезитинин интернет-басылмасына ага каршы кылмыш ишинин козголуу фактысы «жагымсыз» экенин айткан.

Өмүркулов өзүнүн күнөөлүү-күнөлүү эместиги тууралуу берилген суроого жооп бербестен, «кылмыш ишин козгой турган бир нерсе болсочу!» деген гана кыска фразаны айткан

Бишкектин мэри борбордун түштүгүндөгү Жеңиш сейил багынын чегин мыйзамсыз ырастаган деп шектелип жатат.

Башкы прокуратура билдиргендей, Бишкектин башчысы 2010-жылы сейил бактын чегин ырастоо тууралуу жарлык чыгарган. Анда анын аянты башкы планда көрсөтүлгөн 48 гектардан 35 гектарга чейин азайтылган.

Башкы прокуратура ал жарлыгын чыгарууда Өмүркулов кызмат абалын ашыкча пайдаланган болушу мүмкүн деп эсептейт.

Өмүркуловго жана мэриянын бир нече чиновнигине каршы кылмыш иши Кылмыш кодекстин 305-берененин 2-бөлүмү менен каралган «жер мыйзамын бузуу» боюнча козголгон.

Башкы прокуратура билдирүүсүндө сейил багынын аймагынан чыгарылган жерлердин катарында кафе, ресторан жана май куюучу жайлар курулган тилкелер бар болгондугун жазган. Эгер аталган тилкелер сейил багынын аянты боюнча калганда андагы курулуштардын бардыгы мыйзамсыз деп табылмак..

«Муну менен [Өмүркулов] сейил багынын ичиндеги объектилердин капиталдык курулушун легалдаштырып, андан ары шаардык парк аянтынан курулуш үчүн жер тилкелерин мыйзамсыз берүүгө шарт түзгөн», — деп билдирген Башкы прокуратура.

Тартипке ылайык, сейил багынын аянтын Бишкек шаардык кеңешинин депутаттарынын көпчүлүк добушу аркылуу гана азайтууга мүмкүн болчу.