Педофилдикке шектелип жаткан дин кызматкери акыл-эси жайында эмес деп табылды

Ош шаардык соту 9 жашар баланы зордуктаган деп айыпталып жаткан медресе кызматкерин акыл-эси жайында эмес деп тапты. Ага каршы козголгон кылмыш иши токтотулду. Парламент депутаты саламаттыкты сактоо министрлигинен шектүү адамды кайталап текшерүүдөн өткөрүүсүн өтүндү.

9 жашар тарбиялануучусун зордуктаган деп шектелип жаткан 23 жаштагы медресе мугалими Нурсеит Калыбай уулу 22-ноябрда акыл-эси жайында эмес деп табылды — бул тууралуу жабырлануучу тараптын жактоочусу Валерьян Вахитов билдирди.

Мындан улам шектүүгө каршы козголгон кылмыш иши токтотулду. Ал Кыргызстандын Кылмыш кодексинин «сексуалдык мүнөздөгү зомбулук аракеттер» жөнүндө айтылган 130-беренеси боюнча айыпталып жаткан.

Ош шаардык соту Калыбай уулуна карата медициналык мүнөздөгү мажбурлоо чарасын колдонууну өкүм кылды.

«90чу жана 92-беренелерге ылайык, Нурсеит Калыбай уулу Кызыл-Жар психиатралдык ооруканасына жатып дарыланышы үчүн жөнөтүлсүн», — деп жазылган соттун өкүмүндө.

Ооруканага жеткирилгенге чейин ал камакта болот.

Жабырлануучу тарап Kloop.kgге берген маегинде бул өкүм боюнча жогорку баскычтагы сотко даттанууга даярданып жаткандыктарын билдиришти.

Баланын апасы соттун чечиминин артында «улутчулдук» турганын билдирип, мугалим кыргыз улутунан, ал эми жабырланган анын уулу этникалык өзбек экенин баса белгиледи.

«Мунун артында коррупция менен улутчулдук турат, иш ошондуктан ушинтип көпкө чейин созулуп келүүдө», — деп билдирди жабырлануучу баланын апасы аты-жөнүн билдирүүдөн баш тартып.

Азырынча баланын апасынын бул айыптоолору боюнча комментарий алууга бийликтегилер жеткиликсиз болууда.

Баланын ата-энеси уулунун абалын «анча жакшы эмес» деп баалап жатышат — апасынын айтымында, «зордуктоодон» кийин бала 1-даражадагы майып деп табылган.

Кайталап текшерүү

Парламент депутаты Ирина Карамушкина Kloop.kgге берген маегинде соттун чечими менен макул эместигин билдирди. Саясатчы бул ишти өзүнүн жеке көзөмөлүнө алган.

«Бул маселени өткөн аптада парламентте көтөргөм. Мен ал дин кызматкерин «акыл-эси жайында эмес» деп тапкан оорукананы текшерүүнү сунуштайм. А эгер чынында эле анын акыл-эси жайында эмес болсо, анда балага карата зомбулук көрсөтүү үчүн жоопкерчиликти толугу менен ал медресенин жетекчилиги тартышы керек», — деди депутат.

Ал саламаттыкты сактоо министрлигинин өкүлдөрүнөн зордуктоого айыпталып жаткан адамдын акыл-эсинин жайында эместиги боюнча дагы бир жолу текшерүү жүргүзүүнү өтүнгөндүгүн айтты. Карамушкинанын айтымында, мекеме кайталап текшерүү жүргүзүү үчүн  өз адистерин жиберди.

Буга чейин жабырлануучу тарап Калыбай уулунун акыл-эсинин жайында эмес экенин кайрадан текшерүү үчүн дагы бир жолу экспертиза жүргүзүүнү өтүнгөн болчу, бирок Ош шаардык соту жактоочунун ал өтүнүчүн канааттандырган эмес.

Медреседеги зордуктоо

Ош медресесинин 9 жаштагы тарбиялануучунун зордукталгандыгы боюнча иш бир жылдан бери каралып келүүдө — баланын зордукталгандыгы жөнүндөгү факты 2012-жылдын жай айларынын ортосунда белгилүү болгон.

Укук коргоочулардын маалыматтары боюнча, 9 жаштагы бала Ош медресинин тарбиячысы тарабынан бир нече жолу зордукталган.

«Баланын зордукталгандыгы экспертизалар тарабынан бир нече жолу далилденген. Азыр анын буту иштебей калды», — деген жабырлануучу тараптын жактоочусу.

Автор: Улан Мырза