Премьер митингдердеги имараттарды басып алуу аракеттерине каршы «катаал чараларды» убадалады

Өлкөдө коомдук-саясий абалды курчутуу боюнча аракеттер «катаал чаралар менен» токтотулат — бул тууралуу Оштогу митинг талкууланып жаткан жыйында премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев билдирди.

Өлкө башчысы бул билдирүүсүн өлкөдөгү коомдук коопсуздукту камсыз кылуу боюнча өткөн кеңешмеде айтты, ага күч түзүмдөрүнүн өкүлдөрү катышып жаткан.

Сатыбалдиев өлкөдөгү абалды курчутуу боюнча аракеттер «катаалдык менен токтотулушу керектигин» жана ага күнөөлүүлөрдү жоопкерчиликке тартуу зарыл экенин айтты.

Премьер коррупцияга шектелип кармалган депутат Акматбек Келдибековдун тарапташтары тарабынан Ошто администрация имаратына чабуул жасоо аракети «мыйзамга каршы мүнөзгө» ээ экенин билдирди — ал мамлекеттик имараттарды басып алуу аракеттери катаалдык менен токтотулаарын айтып убада берди.

«2017-жылга чейин Туруктуу өнүгүү Улуттук стратегиясынын алкагында коррупцияга каршы олуттуу иштер башталды жана Оштогу болуп жаткан окуялар ал жаман нерсе менен күрөшүү өтө оор болоорун дагы бир жолу ырастап жатат», — деп жазган өкмөттүн басма сөз кызматы Сатыбалдиевдин айткандарын.

2-декабрь күнү Бишкек шаардык соту Келдибековду үй камагына чыгаруудан баш тарткандан кийин анын тарапташтары Ошто миңдеген кишилердин катышуусунда митинг өткөрүшкөн.

Алар коррупцияга шектелип, учурда Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин тергөө абагында камакта жаткан депутаттын бошотулушун талап кылышкан.

Түрдүү маалыматтар боюнча, чогулган элдин саны 2 миңден 4 миң кишиге чейин жеткен.

Митингдин жүрүшүндө анын катышуучуларынын бир бөлүгү Ош обладминистрациясынын имаратын басып алууга аракет кылышкан, бирок алар милиция жана чогулгандарды тартипке чакырып жаткан акциянын уюштуруучулары тарабынан кууп таратылышкан.

Депутаттын тарапташтарынын «башка чаралары»

Митингдин жүрүшүндө Келдибековдун тарапташтары өкмөттүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Сооронбай Жээнбековду барымтага алып, Ош-Эркештам унаа жолун кайрадан бууп тосо тургандыктарын айтып коркутушкан.

Демонстранттар Оштун борбордук аянтында үч күн митинг өткөрөөрүн жана эгер бийлик оппозициялык саясатчыны бошотпосо алар «башка чараларды» көрө тургандыктарын билдиришкен.

Азыр нааразычылык акциясынын өкүлдөрү бийликтегилер менен коррупцияга шектелип кармалган депутатты бошотуу тууралуу сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү үчүн Бишкекти көздөй жөнөштү.

Келдибеков Социалдык фонд менен Салык кызматын башкарып турганда, ошондой эле парламент төрагасы болуп турган кезде «коррупциялык иштерге барган» деген айыптоолор менен 20-ноябрда камакка алынган.

Башкы прокурор Аида Салянованын айтымында, эгер Келдибековдун күнөөсү далилденсе ал 10 жылдан ашык мөөнөткө эркинен ажыратылышы мүмкүн.

Саясатчынын дарегине айтылган айыптоолор

Оппозициялык саясатчы Мамлекеттик салык кызматын жетектеп турган 2008-2010-жылдары салык чогултуу боюнча функцияны «Бизнес партнер» деген жеке компанияга мыйзамсыз берген деп шектелүүдө.

Келдибеков ошондой эле 2005-жылы  «көчүрмөлөрдү басып чыгаруу үчүн жарандардын жеке камсыздандыруу эсептеринен» 21 млн. сом каражатты «Ротак-Бишкек» компаниясына мыйзамсыз бөлүп берген деп шектелип жатат.

Андан сырткары ал эл аралык парламенттик уюмдарда парламенттин толук ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн ишмердигин координациялоо маселеси боюнча атайын өкүлчүлүктүн кызматын мыйзамсыз түзгөн деп айыпталууда.

Башкы прокуратуранын маалыматы боюнча, ал атайын өкүлчүлүктү каржылоого 10 млн. сом жумшалган.

Келдибеков өзүнүн камакка алынаарын билген жана алдын ала күнөөсү жоктугу жөнүндө видео кайрылуу жаздырууга үлгүргөн. Ал өзүн саясий мотивдер менен камакка алынды деп эсептеп жатат.

Автор: Эльдияр Арыкбаев