Оштогу митингдин катышуучуларына каршы кылмыш иши козголду [+ видео]

Коррупцияга шектелип камакка алынган депутат Акматбек Келдибековдун  2-декабрь күнү Ошто миңдеген кишилердин катышуусунда митинг өткөргөн тарапташтарына каршы кылмыш иштери козголдубул тууралуу Ош шаардык милициясы билдирди.

Кылмыш иштери Ош облустук администрациясынын имаратын басып алуу чакырыктарын жасагандарга каршы козголду — бул тууралуу Kloop.kgге берген маегинде Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз катчысы Замир Сыдыков билдирди.

«Тынчтык митингинде катышып жатып карапайым элди көкүтүп, азгырууга аракет кылгандарга, таштарды ыргытып укук коргоо органдарынын ден соолуктарына зыян алып келгендерге каршы козголду», — деди ал.

Сыдыковдун айтымында, кылмыш иштери Кыргызстандын Кылмыш кодексинин «эл алдында конституциялык түзүмдү өзгөртүүгө чакыруу», «бийлик өкүлүнө карата күч колдонуп зомбулук көрсөтүү» жана «бейбаштык» беренелери боюнча козголгон.

Ош ИИБсинин өкүлү аларда шаардын борборундагы митингден кийин канча адам кармалгандыгы боюнча азырынча так маалымат жок экенин айтты.

«Бүгүнкү күнгө карата алардын (демонстранттардын) кээ бирлери бизге белгилүү, алар боюнча ыкчам иликтөө иштерин жүргүзүп жатабыз», — деп кошумчалады басма сөз катчы.

Келдибековдун тарапташтары коррупцияга шектелип кармалган саясатчыны колдоп 2-декабрда Оштун борбордук аянтында миңдеген кишилердин катышуусунда митингке чогулушкан.

Алар учурда Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин тергөө абагында камакта жаткан оппозициялык депутаттын бошотулушун талап кылышкан.

Анда митингдин катышуучуларынын бир бөлүгү Ош облустук администрациясынын имаратын басып алууга аракет кылышкан, бирок милиция тарабынын кууп таратылган.

Видео: Милиция Ош обладминистрациясынын кире беришин коргоп жатат. Автору: Роман Базаров

Эгер митингчилердин талаптары аткарылбаса алар Ош-Эркештам унаа жолун бууп тосуу жана өкмөттүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Сооронбай Жээнбековду барымтага алуу сыяктуу «башка чараларды» көрө тургандыктарын билдиришкен.

Келдибекводун кармалышы

«Ата-Журт» фракциясынан оппозициялык саясатчы Социалдык фонд менен Салык кызматын башкарып турганда, ошондой эле парламент төрагасы болуп турган кезде «коррупциялык иштерге барган» деген айыптоолор менен 20-ноябрда камакка алынган.

Башкы прокурор Аида Салянованын айтымында, эгер Келдибековдун күнөөлөрү далилденсе ал 10 жылдан ашык мөөнөткө эркинен ажыратылышы мүмкүн.

Депутат Мамлекеттик салык кызматын жетектеп турган 2008-2010-жылдары салык чогултуу боюнча функцияны «Бизнес партнер» деген жеке компанияга мыйзамсыз берген деп шектелүүдө.

Келдибеков ошондой эле 2005-жылы  «көчүрмөлөрдү басып чыгаруу үчүн жарандардын жеке камсыздандыруу эсептеринен» 21 млн. сом каражатты «Ротак-Бишкек» компаниясына мыйзамсыз бөлүп берген деп шектелип жатат.

Андан сырткары ал эл аралык парламенттик уюмдарда парламенттин толук ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн ишмердигин координациялоо маселеси боюнча атайын өкүлчүлүктүн кызматын мыйзамсыз түзгөн деп айыпталууда.

Башкы прокуратуранын маалыматы боюнча, ал атайын өкүлчүлүктү каржылоого 10 млн. сом жумшалган.

Келдибеков өзүнүн кармала тургандыгын билген жана алдын ала күнөөсү жоктугу жөнүндө видео кайрылуу жаздырууга үлгүргөн. Ал өзүн саясий мотивдер менен камакка алынды деп эсептеп жатат.

Автор: Курманбек Алибаев
what should i write my college essay about