Саясат таануучулар Өмүркуловдун кызматтан кетиши тууралуу: логикага негизделген кадам жана татыктуу үлгү

Kloop.kg тарабынан сурамжыланган саясат таануучулар Бишкектин мэри Иса Өмүркуловдун өз каалоосу менен кызматтан кетишин ага каршы козголгон кылмыш ишине байланыштуу деп эсептешет. Буга чейин шаар башчысы кызматтан кетүүсүнө кылмыш ишинин таптакыр байланышы жок экенин билдирген болчу.

Бишкектин мэри Иса Өмүркулов 4-декабрда кызматтан өз каалоосу менен кеткенин жар салды. Шаар башчысы бул кадамын ага каршы Бишкектин түштүгүндөгү Жеңиш сейил багынын аянтын мыйзамсыз ырастоо боюнча козголгон кылмыш ишине байланыштырбай эле.

Kloop.kgнин кабарчысы мэрдин кызматтан кетиши тууралуу саясат таануучулардан пикирлерин сурады.

Көз карандысыз талдоочу Марс Сариев:

«Президент ким экендигине карабастан коррупция менен күрөшөөрүн айткандан кийин мэрдин кызматтан кетишин логикага негизделген кадам деп ойлойм. Мындан улам эгер мэрге каршы кылмыш иши козголсо анын кызматта калууга моралдык укугу жок. Ошондуктан бул нормалдуу эле практика».

Марат Казакпаев, Кыргыз-Орус славян университетинин саясат таануу предмети боюнча окутуучусу:

«Мен Иса Өмүркулов саясатчы катары кызматынан өз каалоосу менен кетип татыктуу үлгү көрсөттү деп эсептейм. Бул башка саясатчылар үчүн кызматынан Иса Өмүркуловдой кайрат менен кетиши керек деген үлгү.

Ошентсе да жыйынтыктар боюнча Өмүркулов жакшы иштеди деп айтса болот — ал эмне колунан келсе ошону аткарды, а мэрлик кызматтан өз каалоосу менен кетиши — аны туурап мындай кадамга барууга татыктуу үлгү».

Саясат таануу илиминин кандидаты Асель Мурзакулова:

«Менин оюмча кылмыш иш козголгондон кийин бул күн мурунтан эле күтүлүп жаткан. Кандай гана чиновник болбосун мындай шартта өз ишмердүүлүгүн токтото турушу керек деген көз караштамын. Менимче бул логикага негизделген кадам.

Эми суроолордун көбү кылмыш иши кандай уланат, аягында кандай жыйынтыктарды көрөбүз дегенге байланыштуу болот.

Тагылып жаткан айыптоолордун катаалдык даражасы боюнча анча деле олуттуу эместиги тууралуу азыр дагы, буга чейин дагы өтө көп талкуулар болгон. Башка жагынан алганда шаар тургундарынын арасында мэрдин ишинин сапатын көргөндөр да бар.

Бул маселелердин баары тең козголгон кылмыш ишинин президент тарабынын жарыяланган саясаттагы коррупцияны жоюу күрөшүнө канчалык байланыштуу экенин же «Ата-Журт» партиясы менен Келдибековдун тарапташтарынын нааразычылык акциялары менен айыптоолоруна жооп катары жасалган кадам экендигин түшүнүүгө таасирин тийгизет».

Автор: Улан Мырза