Барак: Журтта калган 35 үй бүлө

Өзбекстандын курчоосундагы Барак эксклавында бүгүн 35 гана үй бүлө түтүн булатууда. Калганы турак-жайын таштап, ар жерлерде убактылуу тирилик кылып жүрүшөт. Учурунда 11 жылдык мектепте 5- класска чейинки 30дай гана бала калган. Эксклав жашоочулары кыска жол жабылгандан бери турмуш оорлогондон оорлоп баратканын айтышат. Чек аралаш өлкө бийликтери эксклавга кыска жолду ачуу боюнча бир ымалага келе элек.  Серепчилер демаркация жана делимитация боюнча комиссиянын ишин активдештирүү менен маселени эртелетип чечүү мүмкүндүгүн сунуштайт.

Түйшүккө салган 400 чакырым

Барак айылынын тургуну Алмазбек Каримов бир нече айдан бери Ош шаарында батирди ижарага алып үй-бүлөсү менен жашап жатат. Барак айылы менен байланыштырган кыска жол жабылгандан тарта өзүнүн туулуп-өскөн айылына барып келүү кыйын болуп калган.

«Өткөн жылы мал жандыктарыбызды жайлоого алып чыга албай, же көбөйтө албай, союп жеп койдук. Күйүүчү май, жер семирткич Баракка кеч киргендиктен, дыйканчылык да жакшы болгон жок. Анан Ошко келип тирилик кылып жатабыз. Шаарда тирилик кыла албагандар айылда калышкан. Дыйканчылыктарынан тапкандарын ичип-жеп, калганын сатып алып жашап жатышат»,- дейт Алмазбек мырза.

Ош облусунун Кара-Суу районуна караштуу Барак айылы Өзбекстандын курчоосунда калган эксклав. Аймагы 300 гектарга жакын. 2003-жылы Барак айылын Кара-Суу районуна бириктирген транзиттик жол ачылып, 2 чакырымга жетпеген жол менен каттап, тургундарга жакшы шарт түзүлгөн. Бирок, кыргыз-өзбек чек ара тилкелериндеги болуп өткөн инциденттерден кийин ушул жылдын 17-январында Өзбекстан чек араны бир тараптуу жаап, барактыктар Кызыл-Кыя шаары аркылуу 400 чакырым аралык менен каттап калышкан.

Барактыктардын айтымында, бийлик башындагылар коңшу тарап менен кыска жолду кайра ачып берүү боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүсү керек. Кыска “коридор” жолду ачтырууга рычагдар да бар.

«Эгер коңшу тарап ымалага келбесе, Кыргызстан суу берүүнү бууп, ушул сыяктуу рычагдарды пайдаланса болот. Жолду ачууга такыр эле алы жетпесе, биздин мүлк, автоунааларыбызды айылдан алып чыгып алууга уруксат алып беришсе»,- дейт Алмазбек Каримов.

Анын Барак айылында эски машинеси, буюм-тайымдары калган. 400 чакырым аралыктан ташып келүү үчүн оңбогондой каражат кетерин айтат.

Баракта 35 гана түтүн калды

Айыл башчысынын айтымында, айланма жол менен каттап кыйналган калктын өңчөйү Барак айылынан башка жактарга убактылуу жана туруктуу жашоо үчүн чыгып кетишкен.

«153 үй бүлөнүн азыр 35и гана Баракта түтүн булатууда. Аптасына 2 жолудан Баракка кичи маршрутка каттайт. Кызыл-Кыя аркылуу. Тургундар азык-оокат сатып келгени жана бейтапканага көрүнгөнү катташат. Мурда жол кире 100 сомдон болуп жаткан. Акысыз болушу керек эле, күйүүчү майды Өзгөчө кырдаалдар министрлиги, автоунааны транспорт министрлиги камсыздамак. Бүгүн чечтик, эми маршруткалар акысыз болот»,- деди айыл башчысы Бурханбек Аширов.

Кезегинде 11 жылдык мектеп азыр 5 жылдык мектепке айланган. 150дөй окуучунун 31и гана  айыл мектебинде окуусун улантууда.

Бурханбек Аширов
Бурханбек Аширов

Жергиликтүүлөр  жакынкы мезгилде кыска «коридор» жолдун ачылышынан үмүттөрүн үзгөнүн билдирет.

«Жакында эле чек ара башчысы Токон Мамытов келгенде жолду ачуу маселеси 2 жылсыз чечилбейт деп айтты. Мен үй-бүлөм менен Барактан Ошко көчүп келдим. 4 балам бар, чоңдору интернатка жайгаштырылды. Кичинегибиз мектепке барбай үйдө. Аны биз жашаган аймактагы мектепте орун толук болгону үчүн кабыл албай койду. Азыр аялым иштебей бала менен үйдө отурат, үйдөн эле окутуп жатат»,- деди Алмазбек Каримов.

Жакында эле Чек ара кызматынын башчысы Токон Мамытов барактыктар менен жолугушканы келген. Анткен менен, жол маселесин чечүүгө дагы аз эмес убакыт керектелерин белгилеген.

«Мамытов Барактан башка жактарга көчүп барып убактылуу жашап жаткандар менен Кара-Суу райондук акимчиликте жолугушту. Андан соң Барак айылына барып, жергиликтүүлөрдүн көйгөйлөрүн укту. Анда кыска жол маселесин чечүүгө дагы 2 жылдай  убакыт керектелерин айтты»,- деди Барак айыл башчысы Бурханбек Аширов.

«Айылга өзгөчө макам берүү керек»

Жогорку Кеңеш депутаты Заирбек Жоошбеков Барак айылына эксклав катары өзгөчө макам берүү керектигин белгилейт.

Айтымында, эки жыл мурда Жогорку Кеӊеш Кыргызстандын айрым чек ара аймактарына өзгөчө статус берүү боюнча мыйзам кабыл алган. Президент А.Атамбаев кол коюп, мыйзам күчүнө кирген. Атайын токтомго ылайык, чек арада жайгашкан айылдардын тизмеси такталып, Кыргызстан боюнча 63 айыл: Баткен облусунда - 48, Ош облусунда – 1, Жалал-Абадда - 9, Ысык-Көлдө - 4, Нарында - 1 айыл киргизилген.

З.Жоошбеков эсклав жашоочуларынын көйгөйлөрүн жеринен көрүп-билип, маселени терең изилдеп, бул боюнча өзүнчө мыйзам долбоорун даярдап жаткандыгын билдирди.

Заирбек Жоошбеков
Заирбек Жоошбеков

«Чек аралаш аймактарда жайгашкан айылдар көп. Бирок, башка айылдарга Барак айылын салыштырууга болбойт. Алар Кыргызстандын аймагында турат. Барак айылы – эксклав. Ал башка мамлекеттин толук курчоосунда. Башка чек аралаш айылдарга берилген статустан айырмаланып, Баракка өзгөчө статус берилиши керек. Мында көптөгөн жеӊилдиктер каралышы керек. Өкмөттүн программалары кабыл алынган: чек аралаш аймактардагы айылдардын социалдык инфраструктурасын, айыл-чарбасын, өндүрүштү өнүктүрүү, чек ара соода-сатыкты жандандыруу сыяктуу. Бирок Барак андай критерийлерге туура келбей калат. Себеби, ал эксклав»,- деди З.Жоошбеков.

Эл өкүлүнүн айтымында, Барак эксклавына өзгөчө макам берип, айыл жашоочуларына зарыл шарттарды түзүп берүү менен Өзбекстандын курчоосундагы бул айылды сактап калууга болот.

Көйгөйдү чечүү жолдору

«Фергана өрөөнүнүн чек арасыз юристтери» коомдук бирикмесинин юристи, адвокат Алмаз Козубаев Барак эксклавынын жашоочуларынын көйгөйүн чечүү жолдорун kloop.kg_ге айтып берди.

Алмаз Козубаев
Алмаз Козубаев

kloop.kg: - Барактын тургундары бир нече ирет бийликтерге кайрылып, митингдерди да уюштурушкан. Чек ара көйгөйүн кантип чечсе болот?

 Алмаз Козубаев: - Союз таркагандан кийин, чек ара тилкелери демаркация, делимитация толук бүтпөгөндүгү үчүн Кыргызстандын түштүк райондорунда чек аралаш жерлердин көйгөйү бар. Ошолордун бири - Барак. Союз кезиндеги карталар боюнча ал жерлер толук бизге тиешелүү, бирок, коңшу тарап акырындап жылып келип отуруп, ал жерлерди ээлеп алган.

Эки жылдан бери Өзбекстан тарап терс саясат жүргүзүп жатат. Биздин Барак айылына ачылган кыска жолду жаап, 4-5 чакырым жерден өтүш үчүн алар эми Кызыл-Кыя шаары аркылуу өтүп жатышат. Жергиликтүү калк кыйналууда.

Бул проблеманы өзүбүздүн эле бийлик органдары чечпесе, аны жергиликтүү калк же облус жетекчилери чече албайт. Биздин бийлик менен Өзбекстан  бийлиги сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, демаркация, делимитация боюнча комиссиянын ишин активдештириш керек. Бир гана жолу - ошол территорияны аныкташ керек. Мына бул жерге чейин Кыргызстандыкы, мына бул жагына чейин Өзбекстандыкы деп. Мына ошондо гана көйгөй токтойт.

 kloop.kg: - Коңшу тарап менен сүйлөшүүнүн башка дагы рычагдары барбы? 

Алмаз Козубаев:- Өзбекстандын бийликтери менен деле жакшы  сүйлөшсө болот. Маселен Баткен облусунда Өзбекстандын анклавдары бар. Алар үчүн кеңири жол ачылган. Алар өздөрүнүн автоунаалары менен келип, өздөрүнүн аймагына кирип-чыгып жүрүшөт. Биз тараптан эч кандай кысым жок. Ошондуктан, ушуну мисал кылып, сүйлөшүүгө келсе болмок. Барак айылына ачылган мурдагы жашыл коридорду кайра ишке салуу боюнча келишсе болот.

kloop.kg: - Талаш чек ара тилкелерин демаркация жана делимитациялап бүтүү дагы канчага созулушу мүмкүн?

Алмаз Козубаев: - Бул ошол азыр бийликте отургандардын, ошол комиссия, президент, өкмөттүн чечкиндүү иш-аракетине байланыштуу. Эки тарап иштиктүү сүйлөшүп, бир бүтүмгө келишсе, чечилет. Болбосо, көйгөй дагы созула берет.

 

Суроо-сопкут: коомчулук пикири

Барак эксклавынын жашоочуларынын жашоо-турмушун кантип жеңилдетүүгө болоруна  коомчулук өкүлдөрүнүн пикири түрдүүчө:

 Мирбек Абдылдаев, Ош шаарында жашаган Барактык:

-  Барак айылында төрөлгөнүбүз менен ал жакка кирип–чыгуу кыйын болуп, Ошто окудук. Эми биротоло эле ушул жерде отурукташып калат окшойбуз. Анткен менен, ал жакта ата-энебиздин үйү калган, балалыгыбыз калган. Кыргызстандын жери болгондуктан, бийликтер кыска жолду ачып беришсе, кайра барып жашамакпыз.

 Апиза Мамытова, Барак айылынан:

- Баракта күнүмдүк тирилик кылууга болот, бирок, келечеги жок. Дыйканчылык кылалы десек, жер семирткич ж.б. кымбат, бул жактан ташып баруу да андан кымбатка түшөт. Малды жайлоого алып чыга албай калганбыз мурункудай. Айылдын өзүндө багып көбөйтө албайсың. Бала-чаканы туугандардыкына окутуп бир айласын кылып жатабыз.

 Мунарбай Калдаров, Ош облусунун тургуну:

- Биздин бийлик Өзбекстан менен сүйлөшүп, жерди айырбаштоо аркылуу Баракты бир жаңсыл чечсе болот. Бул проблема дагы деле чечиле койбойт. Акырындап отуруп Баракта адам калбай калат да, жер өзүнөн өзү Өзбекстанга өтүп кетет. Ошого жол бербеш керек. Ал эми бийликтегилер азыр саясий оюндар менен гана алек. Өлкөдө митинг, пикет. Жерди тарттырып ийишти ойлобой жатабыз.

 Сурмакан Кудайбердиева, Баткен облусунун тургуну:

- Кыргызстандын башка өлкөлөр менен чектешкен аймактарын толук демаркация, делимитация кылып бүтүү керек. Канча кечеңдеген сайын ошончо жаман. Ал эми анклав-эсклавдардын маселеси жакынкы мезгилдерде чечилбейт го. Коңшу мамлекеттер чек ара маселелерин кээде басым өткөрүү катары пайдаланууда. Бул болсо чек ара маселеси эмес эле саясат маселеси болуп калат.

 Гүлзат Газиева

Материал “Кабар Ордо” долбоорунун алкагында даярдалды

Сүрөттөр автордуку жана Эрнист Нурматовдуку