Бишкектин мэринин милдетин аткаруучу болуп Мурат Исмаилов дайындалды

Премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев кызматтан кетүү жөнүндөгү арызын жазган Бишкектин мэри Иса Өмүркуловдун отставкасын кабыл алып, кийинки шайлоого чейин шаар башчысынын милдетин аткаруучу кылып Мурат Исмаиловду дайындады.

Сатыбалдиев Өмүркуловдун кызматтан кетүү жөнүндө жазган арызын 5-декабрда кабыл алды. Ошол эле күнү мэрдин милдетин аткаруучу болуп буга чейин шаардын вице-мэри кызматын ээлеп келген Мурат Исмаилов дайындалды.

Исмаиловдун айтымында, биринчи кезекте ал мамлекеттик кызматкерлерге маяналарын төлөп берүү жана «күзгү-кышкы мезгилден чыгуу» маселелери менен алектенүү ниетинде.

«Кар жаады, ширендилер пайда болот, а техника өтө аз, аларды начар абалда десек да болот», — деп жазган «Вечерний Бишкек» гезитинин интернет-басылмасы анын айткандарын.

Өмүркулов кызматтан кетүү жөнүндөгү арызын 4-декабрда, башкы прокуратура ага каршы кылмыш ишин козгогондон эки күн өткөндөн кийин жазган. Бирок журналисттер менен болгон жолугушуусунда экс-мэр анын кызматтан кетип жатышы башкы көзөмөлдөө органынын тергөө иш-чаралары менен байланышуу эмес экенин билдирген.

«Ар бир адамдын ишмердүүлүгү токтошу керек. Кызматтан кетишимдин мага каршы козголгон кылмыш ишине таптакыр байланышы жок», — деген ал.

Өмүркулов борбордун түштүгүндөгү Жеңиш сейил багынын чегин мыйзамсыз ырастаган деп шектелип жатат.

Өмүркуловдун иши

Башкы прокуратура билдиргендей, Бишкектин башчысы 2010-жылы сейил бактын чегин ырастоо тууралуу жарлык чыгарган. Анда анын аянты башкы планда көрсөтүлгөн 48 гектардан 35 гектарга чейин азайтылган.

Башкы прокуратура ал жарлыгын чыгарууда Өмүркулов кызмат абалын ашыкча пайдаланган болушу мүмкүн деп эсептейт.

Өмүркуловго жана мэриянын бир нече чиновнигине каршы кылмыш иши Кылмыш кодекстин 305-берененин 2-бөлүмү менен каралган «жер мыйзамын бузуу» боюнча козголгон.

Башкы прокуратура 2-декабрда тараткан билдирүүсүндө сейил багынын аймагынан чыгарылган жерлердин катарында кафе, ресторан жана май куюучу жайлар курулган тилкелер бар болгондугун жазган. Эгер аталган тилкелер сейил багынын аянты боюнча калганда андагы курулуштардын бардыгы мыйзамсыз деп табылмак..

«Муну менен [Өмүркулов] сейил багынын ичиндеги объектилердин капиталдык курулушун легалдаштырып, андан ары шаардык парк аянтынан курулуш үчүн жер тилкелерин мыйзамсыз берүүгө шарт түзгөн», — деп билдирген Башкы прокуратура.

Тартипке ылайык, сейил багынын аянтын Бишкек шаардык кеңешинин депутаттарынын көпчүлүк добушу аркылуу гана азайтууга мүмкүн болчу
Өмүркулов Бишкектин мэри болуп 2010-жылдагы революциядан кийин дароо дайындалган. Ал мэр болуп турганда шаар тургундарынын арасында ага карата түрдүү пикирлер айтылып келген.

Сынчылар аны акчалардын изин жашырууга жана Бишкекте инфраструктуралык жакшыртуулардын жоктугуна айыпташса, анын тарапташтары 2013-жылы борбордо болуп көрбөгөндөн көп сандагы жолдордун оңдолгонун белгилешүүдө.

Автор: Александра Ли