Ош митингинде акча таратылгандыгынын мүмкүн болгон далилдери

Kloop.kgнин редакциясы камакка алынган депутат Келдибековдун тарапташтары тарабынан Ош шаарында өткөрүлгөн митингде тартылып алынган сүрөттөр менен демонстранттарга акча таратуу тартылган деп айтылып жаткан видеотасманы салыштырып көрдү. Жыйынтыгында сүрөттө да, видеодо да бар окшош адамдарды тапты.

Депутат Акматбек Келдибековдун Ошто митингке чыгып жаткан тарапташтарына акча таратуу ыктымалдыгы тартылып алынган видеотасма интернетте 4-декабрда пайда болгон.

Бирок андан дароо эле акча митингчилерге таратылып жатат деген жыйынтык чыгарууга болбойт.

Тасмадан дароо эле видео жылдын суук мезгилинде жана арткы сүрөттөлүштөгү унаанын номур белгилеринен улам Ош шаарында же Ош облусунун аймагында тартылгандыгы түшүнүктүү болот.

(Бирок ал унаа ошондой эле ийгилик менен өлкөнүн кайсы гана облусунда болбосун токтоп турушу толук мүмкүн.)

Видеотасманын авторлору титрге алар окуяны 2013-жылдын 2-декабрында, Оштогу митингке эң көп адам чыккан күнү тартып алгандыктарын жазышкан, бирок анын чын-төгүнүн жүз пайыз ырастоого мүмкүн эмес.

Kloop.kgнин журналисттери 2-декабрь күнү өткөн митинг маалында тартылып алынган ондогон сүрөттөрдү карап чыгып, анда видеотасмада акча таратып жаткандарга окшош адамдарды табууга аракет кылды.

Жыйынтыгында үч дал келүү табылды.

Биринчиси — кара түстөгү куртка жана кызыл баш кийимчен бала. Видеодо ал кезекте турган митингчилерге акча таратып жатат. Аныкына окшогон — ошондой эле түстөгү, ошондой эле фасондогу куртка кийген, ошондой өңдөгү баш кийимчен жана бет түзүлүшү окшош бала Келдибековду колдоо митингинде тартылган сүрөттөрдүн биринде байкалат.

Экинчиси — саргылт түстөгү куртка кийген аял. Ал дагы акча алгандарды тизмеде белгилеп, акча таратууну уюштурууга катышып жатат. Кийинчерээк ал кызыл түстүү баш кийимчен бала менен бирге «Хонда» үлгүсүндөгү унаага отуруп кетет.

Митингдин жүрүшүндө тартылып алынган сүрөттөрдө дал ошондой куртка кийген, ошондой эле сумкачан аял кездешет. Бирок сүрөттө ал далысын салып турат.

1-сүрөт: Кызыл баш кийимчен бала менен саргылт куртка кийген аял митингчилерге акча тараткан жерден кетип бара жатышат red-orange 2-сүрөт: Митинчилердин арасындагы кызыл баш кийимчен бала. red-hat 3-сүрөт: Митингчилердин тобунда саргылт куртка кийген аялдын далысы orange Үчүнчүсү — кызгылт жоолукчан жана каралжын жакалуу боз пальточон аял. Видеодо ал акча алып жатат. Анын жоолугу — жетишээрлик ачык түстө жана оригиналдуу. Ошондой эле жоолукчан, ошондой эле жакалуу пальточон аял митингде тартылган сүрөттөрдүн биринде кездешет.

4-сүрөт: Кызгылт жоолукчан аял акча алып жатат pink-1 5-сүрөт: Кызгылт жоолукчан аял митингде

pink

Азриэль Айзенберг аттуу колдонуучу жөнөттү:

Төртүнчүсү — ала жоолукчан аял.

6-сүрөт: Ала түстөгү жоолукчан аял акча алып жатат

Image

7-сүрөт: Ала жоолукчан аял митингде

1450778_503711396393783_443091284_n

Бешинчиси — видеодогу кочкул кызыл жоолукчан аял.

8-сүрөт: Кочкул кызыл түстөгү жоолукчан аял акча алып жатат

Imagewas

9-сүрөт: Кочкул түстөгү жоолук тагынган аял митингде

Imagedasdsds

2013-12-02_14-56-44_704197_w-1

Урматтуу окурмандар! Окшош адамдарды издөөгө сиздер да жардам бере аласыздар. Бул шилтеме аркылуу 2-декабрдагы митинг маалында тартылган сүрөттөрдүн баарын жакшы сапатта жүктөп ала аласыздар. Эгер сиздер сүрөттө дагы, видеотасмада да кезиккен адамды тапсаңыздар bektour@kloop.kg электрондук дареги аркылуу бизге билдирсеңиздер болот.

Автор: Айшоола Айсаева