Мырзакматовдун тарапташтары аны Оштун мэри кызматына кайра алып келүүнү талап кылып жатышат

Мелис Мырзакматовду Оштун мэри кызматына кайра алып келүү талабы менен Оштун борбордук аянтына миңге чукул киши чогулду. Түштүк борбордун шаар башчысы кечээ, 5-ноябрда кызматынан алынган болчу.

Демонстранттар премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиевдин буйругу менен 5-декабрда кызматынан алынган Мырзакматовду Ош шаарынын мэри кызматына кайра алып келүүнү талап кылып жатышат.

Ош облустук ички иштер башкармалынын басма сөз катчысы Жеңиш Ашырбаевдин айтымында, учурда Оштун борбордук аянтында миңге чукул адам бар.

Анын билдиришинче, митингдеги адамдардын саны уламдан-улам көбөйүп жатат.

“Бул жакта Мелис Мырзакматовду колдоп болжол менен миңге чукул адам чогулган. Мурунку мэрдин тагдырына кош көңүл карабаган адамдар эртең мененки 11де эле чогула башташкан”, — деди Ашырбаев Kloop.kgге берген маегинде.

Анын айтымында, шаар тургундарынын арасында Мырзакматов Бишкектен учуп келгенде аны Оштун аэропортуна түшүрбөй койгондуктары тууралуу ушак тарап кеткен.

“Алар (митингдин катышуучулары) мэрлик кызматка башка адамды кабыл албай тургандыктарын айтышты”, — деди басма сөз катчы.

Учурда Ош облустук администрациясынын ички короосунда тиешелүү атайын жарак-жабдыктары 400 чамалуу милиция кызматкери бар.

Ош мэриясынан кабарлашкандай, аларга шаар борборунда митинг өтө тургандыгы жөнүндө билдирүү келип түшкөн эмес.

Мырзакматовдун кызматтан алынышы

Мырзакматов мэрлик кызматтан 5-декабрда премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиевдин буйругу менен бошотулган. Расмий бийлик муну алдыдагы Оштун мэрин шайлоо менен байланыштырып жатышат.

Мырзакматовдун өзү Би-би-синин кыргыз кызматына берген маегинде ал премьердин кызматтан алуу жөнүндөгү буйругун «түшүнүү менен» кабыл алгандыгын жана шаардын мэрин шайлоого катыша тургандыгын билдирген.

«Эл колдоп турса, кудай буюруса сөзсүз шайлоого барабыз. Жакынкы күндөрү мен жетектеп турган “Улуттар биримдиги” партиясы саясий кеңешинде  алдыдагы шайлоо боюнча позициясын билдирет.», — деген ал Би-би-синин кыргыз кызматына берген маегинде.

Мырзакматов Ош шаардык кеңешин шайлоо болгон 2012-жылдын мартынан бери мэрдин милдетин аткаруучу статусу менен иштеп келе жаткан.

Бул өз кезегинде премьер-министр Мырзакматовду шаардык кеңеш менен макулдашпастан эле кызматтан алган болушу мүмкүндүгүнөн кабар берет.

Былтыркы шайлоодон кийин шаардык кеңештин жаңы курамы дароо эле мэрди шайлоо менен алектенип башташы керек болчу, бирок Бишкек жана Ош шаарларынын макамдары жөнүндөгү мыйзам долбоорунун көпкө каралышынан улам шайлоо белгиленбей келүүдө.

Эгер мыйзам долбоору кабыл алынса Ош шаарынын мэрлигине премьер-министр эле эмес парламенттин фракциялары да талапкер көрсөтө алышат.

Бийликтегилерди сындоо

Мырзакматов акыркы бир нече күндөн бери саясатчыларды коррупция үчүн камакка алууда «тандап мамиле кылуу болуп жатканын» айтып, борбордук бийликтин дарегине карата сындарды айып келген.

Ал коррупцияга шектелип камакка алынган депутат Акматбек Келдибековдун тарапташтары уюштурган митингде сөз сүйлөп, бийликтегилерди калыстык үчүн социал-демократтардын лидери Чыныбай Турсунбековду lf камакка алууга чакырган.

Шейшемби күнү премьер-министр Сатыбалдиев Мырзакматовдун билдирүүлөрүнө нааразы экенин ачык эле айтып, аны “өз ыйгарым укуктарынын чегинен чыкпоого” чакырган.

Андан сырткары апта башында Ош мэринин партиясы «Улуттар биримдиги» алдыдагы шаар башчысын шайлоонун алдында партиянын шаардык кеңештеги депутаттарына карата бийлик тараптан басым жасалып жатканын билдирип чыккан.

Мырзакматовдун партиясынын депутаттары Ош шаардык кеңешиндеги орундардын жарымынан бир аз көбүрөөгүн (45 орундун 23үн) ээлеп турат.

Автор: Эльдос Казыбеков