Орусиялык футболчу кыргызстандыкты өлтүргөндүгү үчүн 6 жылга эркинен ажыратылды

Москванын «Торпедо» клубунун мурунку оюнчусу Михаил Рекуданов 23 жаштагы кыргызстандыкты өлтүрүүгө күнөөлүү деп табылдыбул тууралуу Орусиянын Тергөө комитетинин Башкы тергөө башкармалыгы билдирди.

Москванын Люблинс райондук соту Рекудановду кыргызстандык Атайбек Майлибаевди өлтүрүүгө күнөөлүү деп таап, ага карата катаал тартиптеги абакка 6 жылга эркинен ажыраттуу өкүмүн чыгарды.

Мамлекеттик айыптоочу тарап мурунку футболчунун 9 жылга эркинен ажыратылышын талап кылган, бирок РИА Новостинин билдирүүсү боюнча, сот чечим чыгарууда мушташты кыргызстандык баштагандыгы сыяктуу жазаны жумшартуучу шарттарды эске алган.

Рекудановдун өзү болсо сот өкүмү чыкканга чейин эле күнөөсүн мойнуна алган, бирок кыргызстандык менен анын ортосунда мушташ чыккан күнү өзүн коргоо максатында аракет кылганын билдирген.

Орусиянын Москва шаары боюнча тергөө комитетинин маалыматы боюнча, Рекуданов менен Майлибаев 23-май күнү уруша кетишкен, анын жүрүшүндө футболчу кыргызстандыкты 4 жолу бычак менен сайган, жыйынтыгында ал дароо көз жумган.

«Алган жарааттарынан улам жабырлануучу дароо көз жумган, а Рекуданов качып кеткен. Кийинчерээк ал ММКлар аркылуу издөөдө жүргөнүн угуп полицияга өз эрки менен багынып берген», — деп жазылган тергөө комитетинин сайтында.

Майлибаевдин өлүмүнөн кийин социалдык түйүндөрдө орусиялык футболчуну колдоо боюнча акциялар пайда болгон. Мындан улам Майлибаевдин туугандары Кыргызстандын Орусиядагы элчилиги аркылуу тергөөнү объективдүү жүргүзүү өтүнүчү менен укук коргоо органдарына кайрылышкан болчу.

Сүрөт РИА Новости маалымат агенттигинин сайтынан алынды