Ички иштер башкы башкармалыгы Орус драмалык театрынын актрисасы Оксана Гоголду өлтүрүүгө шектүү адам кармалганын билдирди. Тинтүүнүн жүрүшүндө кармалган адамдын үйүндө каза болгон актрисанын телефондору табылган.
Ыкчам-иликтөө иштеринин жүрүшүндө көчө шыпыруучу болуп иштеген Бишкектин Михаил аттуу жашоочусу кармалган.
«Б. Михаилдин үйүндө тинтүү жүрдү, анда өлтүрүлгөн Оксана Гоголдун Самсунг жана Моторолла үлгүсүндөгү телефондору табылган», — деп билдирди басма сөз кызматы.
Учурда кармалган адам убактылуу кармоочу жайда камакта.
ШИИБинин версиясы боюнча, актрисага кол салуу болгон күнү Оксана Гоголь кесиптештери менен бирге театрда уюштурулган фуршетте болгон.
Түн бир оокумда ал кесиптештерине эскертпестен эле кийинип көчөгө чыгып кеткен.
45 мүнөттөн кийин Биринчи май райондук ИИБисинин нөөмөт бөлүмүнө Гоголь Улуттук госпиталга жеткирилгендиги тууралуу билдирүү келип түшкөн.
Элүү жаштагы актриса алган жараттарынан улам ошол эле жерде көз жумган — анын баш мээси чайкалып, шишиктер пайда болгон, ошондой эле беттери көгөрүп ылдыйкы жаагы сынган.
Актриса Орус драмалык театрында үстүбүздөгү жылдын май айынан бери гана ойноп баштаган, ал эми 30-ноябрда, ага кол салуу болгон күнү ал алгачкы жолу «Валентинов день» спектаклинде башкы каармандын образын жараткан.
Оксана Гоголь 2-декабрь күнү жерге берилди. Анын артында эрезеге жете элек уулу калды.
Автор: Нуржамал Жаныбекова