Кыргызстандын түштүгүндөгү эки ири партия бирикти

Ишемби күнү Ош шаарынын мурунку мэри Мелис Мырзакматовдун «Улуттар биримдиги» партиясы менен депутат Бакыт Төрөбаевдин «Өнүгүү-Прогресс» партиясы 2015-жылдагы парламенттик шайлоого катышуу үчүн бириккендиктери тууралуу билдиришти.

Жаңы партия өзгөчө Кыргызстандын түштүгүндө күчтүү саясий оюнчу боло тургандыгын убадалап жатат.

«Улуттар биримдиги» 2012-жылдын мартында өткөн Ош шаардык кеңешин шайлоодо жеңишке жеткен, ал эми «Өнүгүү» партиясы ошол эле жылдын аягында Жалал-Абад шаардык кеңешин шайлоодо биринчиликке ээ болгон.

Эки партия тең Бишкектеги борбордук бийликке карата өздөрүнүн карама-каршылыктуу, өзгөрүңкү мамилелери менен белгилүү.

Ишембиде өткөн иш-чарадан кийин таратылган билдирүүдө түштүктөгү эки ири партия «элдин талабы менен» бириккендиги жазылган.

«Партиялар өлкөдөгү оор саясий процесстерге байланыштуу бирикти», — деп жазылган бириккен партиянын пресс-релизинде.

«Улуттар биримдиги» жана «Өнүгүү-Прогресс» партиялары 2015-жылы боло турган парламенттик шайлоодо бириккен жалпы тизме менен катышышат.

«Ата-Журтка» атаандашпы?

Биригүү «Улуттар биримдигинин» лидери Мелис Мырзакматов менен Бишкектеги борбордук бийликтин ортосундагы мамилелердин кескин начарлап кетишинин фонунда болууда.

Мырзакматов Ош шаарынын мэри кызматынан 5-декабрь күнү – оппозициянын митингинде борбордук бийликтин дарегине сын пикирлерин айткан соң – премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиевдин буйругу менен бошотулган.

Ал Ош шаарынын мэри кызматына кайрадан талапкерлигин коюууну көздөп жатат — шаар башчысын шаардык кеңештин депутаттары шайлайт, андагы 45 депутаттын 23ү Мырзакматовдун партиясынан.

«Өнүгүү-Прогресс» партиясын Жогорку Кеңешке оппозициялык «Республика» фракциясынан депутат болуп шайланган Бакыт Төрөбаев жетектейт.

Саясий серепчи Марс Сариев «Улуттар биримдиги» менен «Өнүгүү-Прогресстин» биригиши биринчи кезекте Кыргызстандын түштүгүндө чоң колдоого ээ болгон оппозициялык «Ата-Журт» партиясына атаандаштык жаратат деп эсептейт.

«Бул эки партиянын биригиши оппозициялык борбор катары эсептелген «Ата-Журттун» монополиясын талкалайт. Демек, түштүктөгү шайлоочулар экиге бөлүнөт, андан улам «Ата-Журт» өзүнүн электоратынын бир бөлүгүнөн кол жууйт», — деп эсептейт Сариев.

Анын кесиптеши Марат Казакпаев жаңы партия парламенттик шайлоодо жакшы мүмкүнчүлүктөргө ээ болушу мүмкүн деп эсептейт.

«Биригүү менен алар өтө чоң каражатка дагы, жыйнак электоратка да ээ болушат», — деди ал.

Автор: Нуржамал Жаныбекова