АКШнын элчиси «Фэйсбуктун» колдонуучуларынын адам укуктары боюнча суроолоруна жооп берет

“Фэйсбук” социалдык түйүнүнүн колдонуучулары 10-декабрь күнү адам укуктары темасы боюнча АКШнын Кыргызстандагы элчиси Памела Спратленге суроо узата  алышат.

Бүгүн 10-декабрда саат 15:30дан баштап Спратлен АКШнын элчилигинин “Фэйсбуктагы” расмий баракчасы аркылуу кыргызстандыктардын адам укуктары боюнча суроолоруна жооп берет.

Элчиликтин басма сөз кызматы акция Адам укуктарынын эл аралык күнүнө карата уюштурулуп  жатканын түшүндүрүп,  кыргызстандыктарды адам укуктары темасы боюнча гана суроо берүүгө чакырды.

Адам укуктарынын күнү 1950-жылдын 10-декабрынан бери белгиленип келет.

1948-жылдын ушул эле күнү БУУнун Башкы Ассамблеясы бардык адамдарга тиешелүү болгон укуктарды камтыган Адам укуктарынын жалпы декларациясын кабыл алган жана ал Бириккен Улуттар Уюмуна мүчө өлкөлөрдүн бардыгына сунушталган.

Автор: Тилек Бейшеналиев