Фэйсбук тармагы “тилектеш болуу” баскычын ишке киргизиши мүмкүн

Фейсбук коомдук тармагы “жактырууга” альтернатива катары атайын шарттарда колдонуу үчүн “тилектеш болуу” баскычын иштеп чыкканы айтылды. Бул тууралуу төртүнчү жолу өткөрүлүп жаткан "боорукердикти изилдөө күнүндө" маалым болду.

Аудиторияда отургандардын арасынан бир катышуучу "жактыруу" баскычы туурасында "эгерде бир колдонуучунун ата-энеси кайтыш болсо, ага "жактыруу" баскычын эмес, мисалы "тилектештик билдирүү" сыяктуу бир баскычты баскың келет. Ушул жагы ойлонуштурулганбы?..." деген суроо салган.

Аталган тармактын программалык инженери Дэн Муриэлло буга чейин мындай баскыч иштелип чыккандыгын, бирок азырынча "тилектештик билдирген" баскычты ишке киргизбей тургандыгын билдирди.

"Менин инженер досторумдан бири бир топ убакыт мурда ошол баскычты иштеп чыккан. Бирок бардык эле посттор үчүн эмес. [...] Көпчүлүккө бул аябай жаккан. Азырынча бул баскычты ишке киргизүүнүн убакты келе элек деп чечтик",-деп айтты Дэн Муриэлло суроолорго жооп берип жатып.

Эгерде колдонуучу сезимин билдирүү үчүн капалуу маанайды тандап алса, анда “жактыруу” баскычы “тилектеш болууга” өзгөрүп калат.