Нарын облусу: Шахтада уранды басып калып үч адам каза болду

Нарын облусундагы Кара-Кече көмүр кениндеги шахтанын урандысында калып үч киши каза болду. ӨКМдин маалыматы боюнча, шахта көмүр жүктөө үчүн эки унаа киргенден кийин ураган. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз катчысы Мукамбет Сваров Kloop.kgге берген маегинде шахтадагы уроо эртең менен тан атпай болгонун билдирди. Айтымында, жергиликтүү тургандар шахтанын кароолчусунун тыюу салгандыгына карабастан анын ичине кирип, «ЗИЛ» үлгүсүндөгү эки унаага көмүр жүктөөгө аракет кылышкан.

«Кырсык 10-декабрь күнү таңкы саат беште болду [...]. Тоотектери урап, жогорку жагында тоотек, төмөн жагында көмүр болгон. Анын натыйжасында 3 кишиси менен эки ЗИЛ үлгүсүндөгү унааны урандылар басып калган», – деди Сваров.

Каза болгондордун үчөө тең Нарын облусунун Жумгал районунун жашоочулары болушкан.

Окуя боюнча жергиликтүү милиция тергөө жүргүзүп жатат.

Кырсыктан он саат өткөндөн кийин парламенттик «Республика» фракциясы өкмөттүн дарегине сын айтып, каза болгондордун үй-бүлөлөрүнө жардам көрсөтүү боюнча чараларды көрүүсүн талап кылган.

«Мамгеология агенттиги минималдуу ыйгарым укуктары менен тармакты тартипке келтирүүгө алсыз, а өкмөт болсо экологиялык нормалардын, техникалык коопсуздуктун сакталышы боюнча  бардык көмүр казуучу компанияларды текшерүүгө алуу боюнча эч кандай чара көрбөй эле», – деп жазылган «Республиканын» билдирүүсүндө.

Каза болгондор:

1. Үмөтбаев Кылычбек, 1983-жылы туулган Бештерик айылынын тургуну;

2. Эмирбеков Канат, 1983-жылы туулган, Чаек айылынын жашоочусу;

3. Үсөнов Самат, 1960-жылы туулган, Кызарт айылынын жашоочусу.

Автор: Эльдос Казыбеков

Сүрөт ӨКМдин расмий сайтынан алынды