Нарын облусу: Учкун айылында кымыз жасоочу аппарат ойлоп табышты

Нарын районуна караштуу Учкун айылынын мугалимдери кымыз жасоочу аппарат ойлоп табышты. Мунун жардамы менен кымыз даярдоо бир топ жеңил болмокчу дешет аппаратты ойлоп табуучулар.

Назира Касымбекова Учкун айылындагы Эшбай Токсобаев орто мектебинин физика мугалими болуп үч жылдан бери эмгектенип келүүдө. Кымыз жасоочу аппаратын “жайлоо шартында кымызды күч коротпой жасооч” деп атап алган.

“Бул апараттын кандай иштээрин бир жылдан бери текшерип келгемин, эми жасап чыктык. Анан бул куралга биз “жайлоо шартында кымызды күч коротпой жасооч” деп ат койдук”,-деп бөлүштү Касымбекова.

Аппарат күндүн, суунун же болбосо шамалдын энергиясы, андан сырткары генератор менен да иштөөгө ылайыкталып жасалган.

Мындай аппаратты ойлоп жасагандыгынын себебин, жайлоодо кымызды кол менен чалып убакыт коротуп отурбай, ошол каражаттын жардамы менен бат жана оңой эле кымыз жасоого болот деп айтып берди Назира Касымбекова.

Идея Назира Касымбековага таандык болгону менен ага бул аппаратты жасоодо ошол эле мектептин математика мугалими Медина Молдалиева жана 11-классынын окуучусу Акай Орозкожо уулу да кол кабыш кылган.

20131201_113849
Бишкектин алгачкы кичинекей үлгүсү

“Биз биринчи макетибизди сыр, консерванын калайларынан эле жасаганбыз. Эмгегибиз оң натыйжа берип, алгачкы аппаратыбыз жакшы иштеген”,-деп айтты Касымбекова.

Көп өтпөй жарым айдан кийин кайра чогулушуп ошол эле аппараттын чоң үлгүсүн жасап чыгышкандыгы тууралуу Акай төмөнкүлөргө токтолду.

“Чоңу менен кичинекей аппараттардын ортосунда айырмасы жок. Болгону чоңу 220 вольт менен иштейт, ал эми кичинекейи батарейка менен иштетсе да болот”,-деп айтып берди Акай.

Бул аппараттын жасалышы үчүн керектүү материалдар бар жана толук иштелип чыккан соң сатыкка чыгаруу пландары бар экендигин кошумчалады идеянын автору Назира Касымбекова.

20131201_114235
Куралдын болжолдуу түзүлүшү төмөнкүдөй, аны толугу менен жарыя кылууга Назира айым азырынча макулдугун берген жок.

Ал куралдын түзүлүшү кымыз куйган челектен (бишкек), анын үстүндө тайоочу жыгачынан турат. Ал боз үйдүн капталынан жыгачы чыгат да, ага желпиме (вентилятор) бекитилип, ал айланганда бишкек кыймылга келет.

Макала жана сүрөттөрдүн автору: Бекболот Рахатбек уулу