Саруулуктар айылга «уруксатсыз» өзгөчө абал киргизишти

Ысык-Көл облусунун Саруу айылында митингке чыгып жаткандар «өзгөчө абал» киргизишти — айтымдарында, алар мындай кадамга милициянын күч колдонуу опузасына жооп катары барышкан. Укук коргоо органдары саруулуктар мындай жол менен Ысык-Көл облустук администрация имаратын басып алуу аракети үчүн каралган жазадан качып кутулууга аракет кылып жатышат деп эсептешүүдө.

Саруулук автивисттердин бири, жергиликтүү кеңештин депутаты Замир Миндибаев Kloop.kgге берген маегинде айылга өзгөчө абал киргизүү жөнүндө «элдик башкаруу» жарыялаганын билдирди.

Миндибаевдин айтымында, алар айылга өзгөчө абал киргизүү чечимин милиция үстүбүздөгү жылдын октябрында өткөн митинг маалында Ысык-Көл облустук администрация имаратын басып алуу аракети боюнча сурак берүү үчүн төрт саруулукту берүүнү талап кылгандан кийин кабыл алышкан.

Ал билдиргендей, милиция эгер айылдын төрт жашоочусу берилбесе күч колдоно тургандыктарын айтып, коркутуп баштаган, ошондуктан «элдик башкаруу» жооп катары айылга «өзгөчө абал» киргизүү чечимине келген.

Буга чейин саруулук митингчилер 23-декабрга чейин «Кумтөр маселесин чечүүсү» үчүн бийликтегилерге убакыт берип, унаа жолду тоспой тургандыктарын билдиришкен болчу.

«Биз 23-декабрга чейин жолдорду тоспой, тынчтык митингдерин гана өткөрө тургандыгыбызды билдирдик. Бирок милициянын кечээки билдирүүсүндө эгер төрт адамды бербесек күч колдоно тургандыктары жазылган. Мындан кийин чогулуш болуп, ал төрт адамды 23-декабрга чейин бербейбиз деген бүтүмгө келдик. Ошондой эле «Кумтөр» көйгөйүнүн чечилишин күтөбүз жана Саруу айылына өзгөчө абал киргизүү чечими кабыл алынды», — деди Миндибаев Kloop.kgге берген маегинде.

Анын айтымында, эми Саруу айылын нөөмөтчүлөр кайтарып, коргошот. Мектеп окуучуларына кечки саат ондон кийин көчөгө чыгууга уруксат берилбейт, ал эми түнкү саат он экиден эртең мененкиге чейин жергиликтүү унаалардын жүрүүсүнө тыюу салынат.

Бирок облустук милиция демонстранттардын мындай аракеттери октябрдын башында өткөн митинг маалында Ысык-Көл обладминистрация имаратын басып алуу аракети үчүн каралган жазадан качып кутулуу үчүн жасалып жатат деп билдирүүдө.

«Саруу айылынын жашоочуларына [милиция] кылмыш иштери козголгондор көрсөтмө берүүлөрү керектигин айтып түшүндүрүштү. Аларга тергөө мөөнөтү аяктап баратканын жана ал мыйзамдын талабы экенин айткандан кийин алар ушул сыяктуу акцияларды өткөрө башташты», — деди Усубакунов Kloop.kgге берген маегинде.

Ал өзгөчө абалдын киргизилишин мыйзамдуу күчкө ээ эмес «уруксатсыз» аракет деп атады.

«Аларда өзүлөрүнө өзүлөрү өзгөчө абал жарыялоого укуктары жок», — деди облустук милициянын басма сөз катчысы.

Саруунун жашоочулары — алардын районунда жайгашкан «Кумтөр» алтын кенин улутташтыруу талабы менен өтүп жаткан митингдердин эң активдүү катышуучулары.

Октябрдын башында алар Ысык-Көл облусунун борбору Каракол шаарында митинг өткөрүшкөн, анын жүрүшүндө өкмөттүн аймактагы ыйгарым укуктуу өкүлү Эмилбек Каптагаевди кыска убакытка барымтага алышып, облустук администрациянын имаратын басып алууга аракет кылышкан.

Анда милиция менен болгон тирешүүдө 23 киши кармалган, алардын 13ү бүгүнкү күнгө чейин камакта калууда. Аларга каршы Кылмыш кодексинин бир нече беренеси боюнча кылмыш иши козголгон болчу.

Автор: Нуржамал Жаныбекова