Ленин райондук соту Бишкек мэриясынын жеңилдетилген типтеги объектилерди ижаралоо бөлүмүнүн башчысын пара талап кылууга күнөөлүү деп тапты. Чиновник талап кылган суммадагы акчаны алып жаткан жеринен кармалган болчу.
Башкы прокуратура билдиргендей, мэриянын кызматкери М. Литвинов «Пивной ЕРШ» кафесинин жайкы аянтын бузууну токтотуу үчүн жеке ишкерден 10 000 сом талап кылган.
Үстүбүздөгү жылдын күз айларында чиновникке каршы «кызмат адамы тарабынан мыйзамсыз текшерүү жүргүзүү» жана «пара алуу» беренелери боюнча кылмыш иши козголгон.
Кылмыш кодексине ылайык, ал үч жылдан беш жылга чейинки мөөнөткө эркинен ажыратылышы мүмкүн болчу, бирок аны айып төлөөгө гана милдеттендиришти.
Автор: Нуржамал Жаныбекова