Ташиевдин уулуна козголгон кылмыш иши жабылышы мүмкүн

Оппозициялык саясатчынын уулу Тамерлан Ташиевге каршы козголгон кылмыш иши жабылышы мүмкүн — бул тууралуу Бишкек милициясы билдирди. Өспүрүм унаа дөңгөлөгүн уурдоого аракет кылган деп айыпталып жатат.

Жабырлануучу адам Тамерлан Ташиевге эч кандай дооматы жоктугу тууралуу арыз жазгандыктан саясатчынын уулуна каршы козголгон кылмыш иши токтотулушу мүмкүн — бул тууралуу Бишкек шаардык ИИБисинин басма сөз кызматынын өкүлү Марат Максатбеков билдирди.

«Эгер жабырлануучу тарап кылмыш кылгандарга карата эч кандай дооматтары жоктугу көрсөтүлгөн каршы арыз жазса козголгон кылмыш иши токтотулуп, жабылышы мүмкүн», — деди ал Kloop.kgге берген маегинде.

Ал Тамерлан Ташиевге каршы козголгон кылмыш ишин токтотуу маселесин сот карап чыгышы керектигин айтты.

«Ишти токтотуу же токтотпоо маселесин сот чечиши керек», — деди Максатбеков.

Азырынча бул боюнча сот отурумунун качан болоору белгисиз.

Басма сөз кызматтын өкүлүнүн айтымында, жабырланган адам окуя болгон күндүн эртеси, Ташиевдердин үй-бүлөсү келтирилген материалдык чыгымды төлөп бергенден кийин дооматы жоктугу тууралуу каршы арыз жазган.

Тамерлан Ташиев 1-декабрда милиция рейд жүргүзүп жаткан маалда кармалган.

Милиционерлер аны менен бирге дагы үч өспүрүмдү борбордун 5-кичи районунда унаа дөңгөлөктөрүн уурдоого аракет кылып жаткан жеринен кармашкан.

Милиция кызматкерлери тарабынан кармалгандардын унаасынан 8 кыш, 20 буроо, 3 баллон ачкычын жана бир домкрат табышкан.

«Алар унаанын жанына токтоп анын дөңгөлөктөрүн чечүүгө аракет кылышкан, бирок алардын колундагы ачкыч буроолорго туура келбей калып андан ары башка унааны издеп жөнөшкөн. Кийинчерээк ошол эле кичи райондо башка бир унаанын дөңгөлөгүн чечип башташканда аларды милиция кызматкерлери кармады», — деп билдирген анда ШИИБи.

Кымчыбек Ташиев — оппозициялык «Ата-Журт» партиясынын лидери, парламенттин мурунку депутаты. Сот тарабынан 2012-жылдын октябрындагы митинг маалында бийликти басып алууга аракет кылган деп табылган соң мандатынан ажыраган.

Автор: Александра Ли