Эстониянын премьер-министри Андрус Ансип Кыргызстанга расмий иш сапары менен келип, өлкөдө эки күн болот. Кыргыз бийлиги менен боло турган жолугушуусунда ал Кыргызстандын Евробиримдик, ЕККУ жана БУУ менен болгон карым-катнашын талкууга катышат.
Тышкы иштер министрлиги жөнөткөн пресс-релизден:
Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги Эстония Республикасынын премьер-министри А.Ансиптин Кыргыз Республикасына болчу иш сапары жөнүндө. 2013-жылдын 12-13-декабрь күндөрү Кыргызстанда Эстон Республикасынын премьер-министри А.Ансип башында турган эстон делегациясы расмий сапары менен болот.
Алдыдагы иш сапардын алкагында Эстония өкмөт башчысынын КР Президенти А.Атамбаев, КР Жогорку Кеңешинин төрагасы А.Жээнбеков жана КР премьер-министри Ж.Сатыбалдиев менен жолугушуусу пландалган.
Талкуунун негизги темалары эки тараптуу саясий, соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык багытта кызматташууну өнүктүрүү болуп саналат.
КРнын Эстония менен эл аралык жана аймактык уюмдарда кызматташуу маселелеринде ЕБ, ЕККУ, БУУ жана башка уюмдардын алкагында тыгыз кызматташууга өзгөчө көңүл бурулат.
2013-жылдын 13-декабрында Эстониянын бизнес делегациясы КРнын Соода-өнөр жай палатасынын көмөгү менен тегерек үстөлгө катышат.