Парламент «Кыргызгазды» «Газпромго» сатуу тууралуу макулдашууну жактырды

Кыргыз парламентинин депутаттары мамлекеттик  «Кыргызгаз» компаниясын орусиялык «Газпромго» шарттуу түрдө 1 АКШ долларына сатуу жөнүндөгү макулдашууну ратификациялады.

Парламентарийлер 11-декабрдагы жыйынында «Кыргызгазды» сатуу жөнүндөгү макулдашууну дароо эле экинчи жана үчүнчү окууда жактырышты.

Ал макулдашууга ылайык, «Газпром» «Кыргызгазды» «Кыргызгазпром» деп аталган туунду ишкана аркылуу шарттуу түрдө 1 АКШ долларлык баага алат.

Бирок бул үчүн орусиялык алп компаниянын миллиондогон долларлык бардык карыздарын төлөп кутулат.

Жыйынтыктоочу добуш берүүдө «Кыргызгаздын» сатылышын жыйынга катышкан 97 депутаттын 78и колдоду.

Энергетика жана өнөр жай министри Осмонбек Артыкбаев 27-ноябрда, макулдашууну биринчи окууда жактыруунун алдында мамлекеттик ишкананы сатуу Кыргызстанды «үзгүлтүксүз жана арзан газ» менен камсыз кылуу үчүн зарыл экенин билдирген болчу.

«Макулдашуу болгону 25 жылга түзүлгөн, эгер кайсы бир тарап макулдашууну бузууну кааласа анын мөөнөтү бүткөнгө бир жыл калганда айтышы керек, ошондо гана биз макулдашууну буза алабыз. А эгер тараптардын бири дагы макулдашууну бузууну каалабаса ал дагы беш жылга узарат, тактап айтканда, жалпысынан 30 жыл болот», — деген анда министр.

Бирок ал көгүлтүр отко болгон баалардын жогорулашы ыктымалдыгын четке каккан эмес — министрдин айтымында, «эң көп дегенде баалар 12 пайызга» жогорулайт.

«Кыргызгазды» орусиялык «Газпром» ишканасына сатуу демилгесин депутаттардын баары эле туура деп тапкан эмес — парламентарийлер «Кыргызгаздын» сатылышынан кийин өлкөнүн Орусияга болгон көз карандуулугу өсөт деп кооптонушкан.

«Кыргызгаздын» сатылышын сынга алгандардын бири — оппозициялык депутат Акматбек Келдибеков — коррупцияга шектелип ноябрдын башында, жогорудагы каржылык операцияны тосмолоону демилгелөө аракетинен кийин кармалган.

Автор: Бектур Искендер