Түп районунда сарык илдети менен ооругандардын саны эки эсеге өскөн

Ысык-Көл облусунун Түп районунда былтыркы жылга салыштырмалуу сарык оорусуна чалдыккандардын саны көбөйгөн. Бул туурасында аталган райондук администрациядан кабарлашты.

“Быйылкы жылдын январь айынан баштап ноябрга чейин Түп району боюнча 284 адам сарык оорусу менен катталган. Алардын көбү жаш балдар, окуучулар. [...] Бул ооруну негизинен балдар мектептен жугузуп алышат, тазалыкты сакташпайт. Азыр мектептерге кол жуугучтарды орнотулушун караштырып жатышат”,- деп билдирди Түп райондук мамлекеттик администрациясынын социалдык бөлүмүнүн жетектөөчү адиси Жазгүл Алибекова.

Ал кошумчалагандай сарык оорусу менен катталгандардын саны былтыр жүзгө жеткен эмес болсо, быйыл ооруга чалдыккандардын саны эки жүздөн ашкан.

Автор: Жеңиш Таштанбек уулу
Сүрөттүн окуяга тиешеси жок. Автору: Бекмамат Абдумалик уулу