Айыл өкмөт башчылары шайланбагандыктан эки жергиликтүү кеңеш таркатылды

Ысык-Көл облусундагы Кум-Бел айылдык кеңеши менен Чүй облусундагы Жаңы-Алыш айылдык кеңеши тарабынан айыл өкмөт башчылары шайланбагандыктан аталган айылдык кеңештер президент Алмазбек Атамбаевдин жарлыгы менен таркатылды.

Президенттин аппатарынын пресс-релизинен

Кыргыз Республикасынын Ысык-Көл жана Чүй облустарынын кээ бир жергиликтүү кеңештерин таркатуу жана мөөнөтүнөн мурда шайлоо күнүн дайындоо жөнүндө» Жарлыкка кол коюлду:

Бүгүн, 2013-жылдын 12-декабрында, Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев «Кыргыз Республикасынын Ысык-Көл жана Чүй облустарынын кээ бир жергиликтүү кеңештерин таркатуу жана мөөнөтүнөн мурда шайлоо күнүн дайындоо жөнүндө» Жарлыкка кол койду.

Жарлыкка ылайык, Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районунун Кум-Бел айылдык кеңеши жана Чүй облусунун Кемин районунун Жаңы-Алыш айылдык кеңеши тарабынан айыл өкмөт башчылары шайланбагандыгына байланыштуу, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын64-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2-пунктун, «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 49-беренесинин 6-бөлүгүн жана «Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 48-беренесинин 2-бөлүгүн жетекчиликке алуу менен төмөнкүдөй токтом кылынат:

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын сунушу кабыл алынсын жана Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районунун Кум-Бел айылдык кеңеши жана Чүй облусунун Кемин районунун Жаңы-Алыш айылдык кеңеши таркатылсын.

Жогоруда аталган жергиликтүү кеңештерге мөөнөтүнөн мурда шайлоо жекшембиге, 2014-жылдын 26-январына дайындалсын.

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жергиликтүү өз алдынча башкаруунун жогоруда аталган өкүлчүлүктүү органдарына мөөнөтүнөн мурда шайлоону Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык өткөрүүнү уюштурсун.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү:

- мөөнөтүнөн мурда шайлоо өткөрүү үчүн Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын чыгымдарынын сметасына ылайык зарыл финансылык каражаттарды бөлүүгө;

- мөөнөтүнөн мурда шайлоону даярдоо жана өткөрүү мезгилинде мыйзамдуулукту, жарандардын укуктары менен эркиндиктерин, коомдук тартипти сактоону камсыз кылуу боюнча чараларды көрүүгө тийиш.

Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарынын башчыларына жогоруда аталган кеңештердин карамагына таандык документтердин, материалдардын, ошондой эле материалдык-техникалык баалуулуктардын сакталышын камсыз кылуу боюнча чараларды көрүү тапшырылды.

Жарлык расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.