Бишкек: «Ала-Тоо» аянтында жаңы жылдык балатынын орнотулушу

Борбордун кызматтары «Ала-Тоо» аянтына жаңы жылдык балатыны орнотуу иштерин 12-декабрь күнү башташты. Мэрия жаңы балаты «шамалга туруктуу» болоорун айтып убада берүүдөал жети зым менен бекемделген.

«Тазалык» ишканасынын балатыны орнотуу менен алектенип жаткан жумушчусу Кенжебек Абдалиевдин айтымында,  жаңы жылдык объектини орнотуу үчүн Токмоктон 7000 балаты бутактары алынып келинген.

elka-2Балаты шамалга туруштук бере турган жети зым менен бекемделген. Жылдызчасы менен кооздолгон жаңы жылдык балатынын бийиктиги 22 метрди түзөт, деп билдиришти орнотуучулар.

elka-9«Балатыны өтө бекем орнотуп жатабыз, ал жети тарабынан катуу зымдар менен кыналды. Аны түртсө да кулабайт. Былтыркы эски балатыдан эч нерсе калган жок, бардыгы жаңы», ― деп түшүндүрдү Абдалиев.

elka-11Бишкек мэриясы жаңы жылдык балатыны 14-15-декабрларга чейин орнотуп, кооздоп бүтүүнү пландап жатат. Аны 16-декабрь күнү расмий түрдө шаар башчысынын милдетин аткаруучу жандырат.

elka-3Өткөн жылы жаңы жыл майрамына бир апта калганда катуу шамалдан улам Бишкектин борбордук аянтындагы балаты кулап түшкөн, андан соң шаар бийлиги жаңы балатыны 2013-жылы орното тургандыгын айтып убада беришкен.

elka-7Эртеси кулап түшкөн жаңы жылдык балатынын кулаганда ийилип калган тирөөчтөрүнүн бирин алып, аны  кайрадан орнотуп башташкан.

Автору: Белек Мамакеев

Сүрөттөрдүн авторуНаталья Вершинская,  «Неформат» фотомектебинин студенти.