Июнь окуясында жабыркагандардын бир бөлүгү дагы деле мамлекеттен гуманитардык жардам ала элек

Каржы министрлиги 2010-жылдагы июнь окуяларында жабыркаган 300 үй-бүлөгө убадаланган 50 миң сомдон берилчү каражатты дагы деле бөлүп бере элек.

Каржылык жардам ала элек 300гө чукул үй-бүлө аны 2014-жылы гана алат — бул тууралуу бүгүн каржы министри Ольга Лаврова парламент депутаттарынын алдында сөз сүйлөп жатып билдирди.

Лаврова кайтарымсыз жардам ала электердин бардыгы тең сөзсүз түрдө убадаланган акча каражатын ала тургандыктарын убадалады.

«Акча келип түшкөн сайын акырындык менен беребиз», — деди ал.

Мамлекет тарабынан бериле турган жардамды алуу үчүн жабыркагандар Мамлекеттик каттоо кызматына маалымкат берүүлөрү керек.

Расмий маалыматтар боюнча, 2010-жылы Ош жана Жалал-Абад облустарындагы кыргыздар менен өзбектердин ортосундагы кагылышта 442 киши каза болгон.

Окуядан кийин дагы миңдеген адамдар үй-жайсыз калышкан — кагылышуу маалында алардын турактары өрттөлүп же талкаланып калган.

Жабырлануучуларга үйлөрүн калыбына келтирүү үчүн 20 жылдык мөөнөткө насыя же бир жолу төлөнүп берилүүчү 50 миң сомдук жардам сунушталган.

Автор: Бектур Искендер