Сочи: Олимпиадалык энергокаатчылык

Кышкы Олимпиада оюндарынын алдында Сочиде чоң-чоң объектилердин курулуштары уланууда. Бирок шаардын жаңылануусу жергиликтүү жашоочуларга электр энергиясы менен жылуулукка жетүүдө олуттуу көйгөйлөрдү жаратып жатат.

Сочидеги белгилүү Соода галереясына баргандарга кай бир учурларда үндү бийик чыгарып сүйлөөгө туура келет — анткени аны бойлой жайгашкан шаар борборундагы дүкөндөрдүн көбүнө генераторлор орнотулган.

Андагы аба көз ачыштырган түтүнгө толгон, а эгер кимдир бирөө кечке маал соода кылуу үчүн келсе шашылууга туура келет.

Мобилдик байланыш салондорунун бириндеги кызгылт көгүш көйнөкчөн айым ачкычтарды шыңгыратып, кезек күтүп турган туристтин имараттан чыгуусун өтүнүп жатат: «Чыгабыз! Он мүнөттөн кийин дизель өчүрүлөт!»

Кардарлардын эмне себептен электр жарыгынын жоктугу тууралуу берген суроолоруна ал: «Бардык суроолор Кубаньэнергого!», - деп кесе жооп берүүдө.

Бул Лариса Витальевна, байланыш салону, дүкөндөр жана бир нече бутиктер жайгашкан «Зенит» деген аталыштагы үч кабаттуу дүкөндүн администратору.

Бир нече мүнөттөн кийин күйүүчү майдын запасы түгөнөт да дүкөн электр жарыгы жок калат — мындан улам компьютерлер өчүп, ишти улантуунун мааниси деле жок болуп калат.

Сочилик ишкерлердин арасында генераторлор чоң суроо-талапка ээ
Сочилик ишкерлердин арасында генераторлор чоң суроо-талапка ээ

«Көйгөйлөр мурун эле башталган. Бизге баары жайында болот деп убада беришкен, бирок ошентсе  да өчүрүп жатышат. Эмнеге экенин бизге түшүндүрүшпөйт. Акыркы убактарда диспетчерлер да телефон трубкасын албай калышты», — деп даттанды Лариса Витальевна.

«Зениттин» ээлери атайын жалданган инженерлер көз салып турган чоң жана салыштырмалуу экологиялык генераторду пайдаланышат.

Анча чоң эмес дүкөндөр көбүнчө кичинекей генераторлорго басым жасашат, бирок алардан галерея түтүнгө толуп чыгат. Башкалары болсо электр жарыгы жок маалда убактылуу жабыла туруугу аргасыз болушат.

«Наири» — жаңы курулган бийик имараттар менен курчалган Сочинин борборунда жайгашкан кичинекей мейманкана. Анда электр жарыгын өчүрүү төрт ай мурун башталган. Мейманкананын администратору Кристина Олимпиада жакындаган сайын өчүрүүлөр көбөйүп баштаганын айтат.

«Быйылкыдай өчүрүүлөр эч качан болгон эмес. Бул албетте биздин жашоочулар үчүн ыңгайсыздыктарды жаратат. Генераторлордун үнү бардык номерлерге чейин угулат. Албетте, буга бүт баары нааразы», — дейт ал.

Жылуулукту сактап, конокторго шарттарды түзүп берүү үчүн мейманкана ээлери бензин менен иштеген генераторлорду пайдаланышат, бул өз кезегинде чыгымдарды көбөйтөт.

«Биз эч кандай башка чара көрө албайбыз, анткени кардарларыбызды жылуулук жана ысык суу менен камсыз кылышыбыз керек», — дейт мейманкана директору Сусанна.

Электр кубатынын баары Адлерге

Эгер шаардын ишкердик чөйрөсү алтернативалуу электр булактарынын жардамы менен электр өчүрүүлөргө туруштук берип жатышса, карапайым элге олимпиадалык курулуштардын аякташын күтүүгө туура келүүдө. Алардын көбү жарыктын өчүрүүлүсүн дал ушул курулуштар менен байланыштырып келишет.

Юлия Сочинин өзүндө туулуп өскөн. Ал күн сайын ымыркайы менен бирге шаардын бүткүл борборундагыдай эле массалык курулуш болуп жаткан Войков көчөсүн бойлой сейилдөөгө чыгат. Анда шашылыш түрдө жаңы имараттар тургузулуп жаткандыктан ар дайым бака-шака.

Бул райондо коммуналдык кызматтарга байланышкан олуттуу көйгөйлөр акыркы жарым жылда башталган жана жашоочулар Олимпиаданын жакындашы менен абал начарлашы гана мүмкүн деп кооптонуп жатышат.

Юлия оюндар боло турган күндөрү электр энергиясы толугу менен Сочинин түштүк-чыгыш бөлүгүнө — олимпиадалык объектилер, ошондой эле спортчулар менен көрүүчүлөр жашай турган имараттар жайгашкан Адлер районуна багытталышы мүмкүн деп тынчсызданууда.

«Олимпиадага келгендердин баары тең негизинен олимпиадалык объектилерге жакын топтолушат. Алардан эч кимиси бул жакта, шаардын борборунда болбойт болуш керек», — деп, Юлия тамашалуу түрдө кошумчалады:

«Олимпиада маалында шаарды тикенектүү зым менен курчап коюу гана жетишпей атат, анда таптакыр эле блокададагы Ленинграддай болуп калат».

Олимпиадалык объектилер курулуп жаткан райондордо электр жарыгы өчүрүлбөйт
Олимпиадалык объектилер курулуп жаткан райондордо электр жарыгы өчүрүлбөйт

Өзгөчө чогулуш

Сочи кошумча жүктөлүштөргө шаардын энергетика секторун жаңылоо боюнча 30 миллиард рублдик масштабдуу долбоордун алкагында даярдалышы керек болчу.

«Кубаньэнерго» курамына кирген «МРСК холдинги» өткөн жылдын жайында эле 198 чакырымга созулган электр берүү чубалгыларынын курулушу менен шаардын бөлүштүрүү тармагын оңдоо жумуштары 2013-жылдын соңуна чейин аяктай тургандыгын убадалаган болчу.

Бирок шаардагы жана анын айланасындагы жагдай убадаланган мөөнөт үзгүлтүккө учуроонун алдында тургандыгын көрсөтүүдө.

Сочинин борборунан баштап 40 мүнөттүк жолдо жайгашкан Измайловка айылында электр жарыгын өчүрүү бир жарым ай мурун башталган.

Көпчүлүк учурларда үйлөрдө жарык бир, эки суткага жок болуп калат. Нааразы болгон эл район башчысына жөнөтүү үчүн кол топтоп, ноябрда айылдагы маданият үйүндө чогулуш уюштурушуп, ал жакка жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен электр жарыгы менен камсыз кылган «Кубаньэнергонун» өкүлдөрүн чакырышкан.

Баарынан да электр жарыгынын өчүрүлүүсүнөн Сочиден алыс эмес жайгашкан айылдардын тургундары кыйналып жатышат
Баарынан да электр жарыгынын өчүрүлүүсүнөн Сочиден алыс эмес жайгашкан айылдардын тургундары кыйналып жатышат

Саат жети жарымда жашоочулар маданият үйүнүн алдына чогула башташты. Алардын көбү кичине балдарын жетелеген аялдар. Баары айылдагы абалды талкуулап жатышат. А эркектер имараттын алдында чылым чегип турушат.

«Быйыл Орусия генератор сатып алуу боюнча дүйнөдө биринчи орунга чыгыптыр деп айтып жатышат», — деп тамашалайт алардын бири.

Акыркы мүнөттөрдө «Кубаньэнергонун» өкүлү келүүдөн баш тарткандыгы белгилүү болуп, маданият үйүнүн залы бака-шака боло түшөт.

Жергиликтүү администрация өкүлдөрү сүйлөшүүнү сунушташат, бирок алгачкы жарым сааттын ичинде алардын ортосунда диалог башталбайт — чогулгандардын ар бири өз даттануусун айтып калууга аракет кылып тынчышпайт. «Кызмат эмнеге телефон трубкасын албайт? Дагы канчага чейин жарыгы жок отурабыз?» — деп кыйкырышат алар.

«Токтоп тургулачы, бир эки ооз сөз айтууга мүмкүнчүлүк бергилечи», — деп өтүнөт орто бойлуу мурутчан киши.

Ал Олег Бродский — жергиликтүү райондун электр тармактарын оңдоо иштерин жетектөө үчүн «Кубаньэнерго» тарабынан жалданган инженер.

Ал «Кубаньэнергонун» өкүлдөрү жокто айтылган сындардын баарын өзүнө алууга жана жашоочуларга абалды түшүндүрүүгө аракет кылууга даяр.

Анын айтымында, электр энергиясы менен камсыз кылуунун үзгүлтүккө учурашы электр түйүндөрдүн эскиргендиги жана узакка созулган күзгү жамгырдан улам курулуш мөөнөттөрүнүн бузулушуна байланыштуу.

«Эңкейиш жерлердеги аба чубалгыларына тирөөчтөрдү орнотууга байланышкан иштер колго аткарылды. Узакка созулган жаандан улам ал иштерди аткарууга мүмкүн эмес болду, анткени жер, суу көчкүлөрү болгон», — деп жооп берет ал нааразычылыктарын билдирген жашоочуларга.

Бродский өкмөттүн «Тоолуу климаттагы курорт катары Сочинин өнүгүүсү» деп аталган олимпиадалык токтомундагы 152В деген пунктка шилтеме жасоодо.

«Кубаньэнергонун» ыкчам кызматтары чубалгылар өтө эскирип калгандыктан электр кабелдериндеги бузулууларды издөө жумуштары белгиленген убактан ашык аткарылып жатканын билдиришүүдө.

Жумуштарды белгиленген убакта жана коопсуз аткаруу үчүн электр жарыгын өчүрүү зарыл — бийликтегилердин плзициясы ушундай.

Бирок Бродскийдин мындай түшүндүрмөлөрү жергиликтүү жашоочуларды тынчытпайт. Ал бардык себептерди түшүндүрүп бергенден кийин да адамдар даттанууларын улантышты.

«Адамдар өтө катуу тынчсызданып жатышат. Алар көчөгө чыгып Курорттук проспектини [Сочинин башкы жолдорунун бирин] да тосууга даяр турушат, — деп түшүндүрдү Измайловка кыштагынын тургуну Марина. — Эки күндүн биринде жарыгы жок отурабыз. Бир жарым айдан бери кыйналып келебиз. Жакында  муздаткычтарыбызда жөргөмүштөр пайда болот».

Автор: Хлоя Гейне