Думанын депутаттары мигранттардын өз эне тилдеринде сүйлөөсүнө тыюу салууну демилгелешти

Орусиянын Мамлекеттик Думасынын эки депутаты мигранттардын жумуш ордуларында эне тилинде сүйлөөсүнө тыюу салуу демилгеленген мыйзам долбоорун сунушташты. Бирок ырасын айтканда, мыйзам долбоорунун түшүндүрмө катында 20га жакын ката табылган.  

Орусиянын Либерал-демократиялык партиясынын (ЛДПРдин) депутаттары Ян Зелинский менен Елена Афанасьеванын идеясына ылайык, эмгек мигранттары иш үстүндө орус тилинде сүйлөөгө милдеттүү.

Зелинский «Коммерсант» гезитине берген маегинде анын идеясынын аткарылышына полиция кызматкерлери көзөмөл жүргүзүүсүн сунуштаган.

Ал иштеп жаткан мигранттар өз эне тилинде сүйлөгөндө ага жакпастыгын билдирген.

«Алсак, менин көзүмчө дүкөндө эки молдован аял же өзбек аялдар өз тилдеринде сүйлөп жатышса, алардын эмне деп аткандарын билбейм да. Мүмкүн алар террористтердир, бир үйдү же дүкөндү жардырганы жаткандыр же болбосо биздин элди жамандап сөгүп аткандыр», — деген депутат «Коммерсантка» берген маегинде.

Ян Зелинский
Ян Зелинский

Ал ошондой эле мигранттарды орус тилине өз мекендеринде окутушу керектигин кошумчалаган.

«Ал кишинин кыргыз, өзбек же тажик болобу айырмасы жок, эгер Орусияга иштөө үчүн келгиси келсе өз каражатына, өз өлкөсүндө орус тилин окуп келсин. Өзбекстанда орус мектептер бар, ал жакта Советтер Союзу болгон, орус мугалимдер дагы бар. Курстарга жалдап, орус тилин үйрөнүп туруп биздин өлкөгө келгенде орусча сүйлөшсүн», — деген Зелинский.

Ал ортодо Би-би-синин журналисттери депутаттар тарабынан мыйзам долбоорунун түшүндүрмө катынан 20 ката табышкан.

«Сүйлөмдөрдүн көбү бир ыңгайга келбей калган, жөндөмөлөр туура эмес пайдаланылган, керектүү жерлерде үтүр белгилери жок», — деп жазган Би-би-синин орус кызматы.

Зелинский андагы каталар боюнча түшүндүрмө берип жатып, 12-декабрь күнү мыйзам долбоорун ирээтке келтири жатып кокусунан түшүндүрмө каттын эскисине кол коюп алганын билдирген.

Депутаттардын бул сунушун коомчулуктун баары эле жактыра берген жок. Демилгени мигранттарга карата мыйзамдарды катаалдатууну сунуштап келген ЛДПРдин лидери Владимир Жириновскийдин өзү дагы колдогон жок.

«Ар бир адамдын эне тили бар, анан кантип ал тилде сүйлөөгө тыюу салууга болсун. Мүмкүн ага орус тилинде сүйлөө кыйындыр. Бул алардын жеке тандоосу. Биз аны жактырбайбыз», — деп билдирген Жириновский РИА «Новостиге» берген маегинде.

Автор: Бектур Искендер