Кыргызстандын ИИМинин ыкчам тобу Интерпол менен кызматташтыкта орусиялык мушкер Иван Климовду өлтүргөн деп шектелип жаткан Омск шаарынын жашоочусу Ян Лебедевди кармашты.
ИИМдин басма сөз кызматы билдиргендей, Лебедев Бишкекте кармалган.
«Орусиянын Ян Лебедев аттуу жараны Бишкектин борбордук көчөлөрүнүн биринде жайгашкан батирде жашырынып жүргөн. Кийинки күнү ал Европа өлкөлөрүнүн бирине учуп кетүүгө камынып жаткан», — деп жазылган мекеменин билдирүүсүндө.
Лебедев азыр Бишкек милициясынын бөлүмдөрүнүн биринин убактылуу кармоочу жайында камакта.
Учурда укук коргоо органдары тарабынан аны Орусияга өткөрүп берүү маселеси каралууда.
Кармалган адам Орусиянын чемпионатында коло медалга ээ болгон жана Сибирдин үч жолку чемпиону болгон орусиялык мушкер Иван Климовду өлтүргөн деп шектелүүдө.
Үстүбүздөгү жылдын мартында Омсктун түнкү клубдарынын биринде Климов менен Лебедевдин ортосунда чыр чыккан. Жыйынтыгында, Лебедев мушкерди «Сайга» мылтыгы менен атып жиберген, бирок Климов анда тирүү калган болчу.
Бул окуядан кийин Лебедев качып кетип, ага каршы козголгон кылмыш иши токтотулган.
Бирок 23-ноябрда 24 жаштагы Климовго дагы бир жолу кол салышкан — бул жолкусунда ага үйүнүн короосунан кол салышып, мойнуна жана бооруна эки жолу бычак сайып кетишкен, алган жараттарынан ал көз жумган.
Мындан улам Лебедевдин иши кайрадан жандандырылып, Орусиянын укук коргоо органдары аны издеп башташкан.
Ал эми Омск шаарынын тургундары 30 миңге чукул кол топтошуп, президент Путиндин атына кайрылуу жөнөтүшкөн.
Автор: Нуржамал Жаныбекова