13-декабрь күнү кечинде Бишкектин түштүгүндө болгон жол кырсыгынан кеминде бир адам жаракат алды.
Жол кырсыгынын кесепеттерине журналист Владимир Цай күбө болгон:
Кырсык Тынчтык проспектиси менен Масалиев көчөсүнүн (Түштүк магистрал) кесилишинде болгон.
«Форд» менен «Мерседес-Бенцтин» сүзүшүүсүнөн кеминде бир киши жаракат алган.
Аны тез жардам кызматы менен алып кетишти, азырынча ал кандай абалда экени белгисиз.
Ошондой эле кырсыктын чоо-жайы дагы белгисиз.