Кыргызстандын президенти Алмазбек Атамбаев өлкө башчысы болгондон бери алгачкы жолу Социал-демократиялык партияны «президенттик партия» деп атады. Ошондой эле ал эгер партиянын парламентте орду көп болгондо өлкөнү «тезирээк тартипке келтирмектигин» айтты.
Атамбаев 2013-жылдын жыйынтыгына арналган басма сөз жыйынында президент болгондон бери алгачкы жолу өзү негиздеген Социал-демократиялык партиянын (КСДПнын) ролун жогорулатуу жөнүндөгү каалоосун билдирди.
Өлкөнүн 2010-жылдагы революциядан кийин кабыл алынган мыйзамдарына ылайык, Кыргызстандын президенти кайсы бир партиянын мүчөсү боло албайт, буга байланыштуу Атамбаев КСДПнын курамынан формалдуу түрдө чыккан. Бирок бүгүнкү басма сөз жыйынында президент ал партияны «президенттик партия» деп атады.
«Силер «бийликтин партиясы» деп атасыңар. Ачык эле айткыла — президенттик партия деп. Ооба, мен аны танбайм. Ал партияны президент негиздеген жана азыр ал мен ишене турган жалгыз нерсе», — деди президент.
Ал ошондой эле эгер парламентте КСДПнын учурдагыдай 25 эмес, 60 орду болгондо Кыргызстанды «тезирээк тартипке келтирмектигин» билдирди.
«Алдын ала эле күнөөлөрдүн бардыгын КСДПга жүктөп жатышат. Азырынча ал мен таянып жаткан партия. Эгер парламентте анын 25 эмес, 60 орду болгондо тезирээк тартипке келтирмекмин», — деди президент.
Демократия, турукташуу жана «митингдер»
Атамбаев 2013-жылдагы жетишкендиктер тууралуу кеп кылып атып өлкөдөгү абал «турукташып келе жатканын» айтып, бирок ал процесске тоскоолдук кылууга аракеттер болуп атканын кошумчалады.
«Жыл өткөн сайын өлкөдөгү абал турукташаарына ишенем. Бүгүнкү адамдар башкача. Элитадагылардын туруктуулукка тоскоолдук кылгылары келгени менен элибиз жакшы жакка өтө тез өзгөрө турган эл, ыракмат аларга», — деди президент.
Ал Кыргызстан «демократиялык жол менен баратканын» билдирди. Бирок Атамбаевдин айтымында, өлкө коопсуздугу үчүн ички коркунучтар кооптуу — алар «регионализм», «охлократия», «митингдер» жана «улутчулдук».
«А сырткы коркунуч бир аз алсызданып калды. Реалдууларынан Ооганстан бар, бирок биз ага Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун курамында даярданып жатабыз», — деп кошумчалады өлкө башчысы.
Атамбаев «Кумтөр» алтын кени боюнча берилген суроого этияттык менен жооп берди. Ал буга чейин билдирген позицияларынын бири жөнүндө да ооз ачкан жок.
«Парламентте да эмоцияга берилген адамдар иштейт. Азыр «Кумтөр» маселеси боюнча көпчүлүгү кызуу кандуулукка алдыргандыктарын түшүнүп жатышат. Бирок башкаруудагы, ошондой эле каржы агымындагы үлүштөрдү айырмалай билүү керек. Башкарууда Кыргызстандын 50 пайыз үлүшү бар, а каржы агымдарында болжол менен 70 пайыздай″, — деди президент.
Автор: Хлоя Гейне