Кыргызстандын түштүгүндө 10 баланын бирөө оор жумушка тартылат. Балдар эмгегинен күн көргөн үй бүлөлөр да жок эмес. Серепчилер өспүрүмдөрдүн татаал абалга кептелип калышына тийиштүү мамлекеттик органдардын ишинин координацияланбаганын айыптайт. Баланы акча табууга түрткөн ата-энени жоопко тартуунун процедуралары да жөнгө салынган эмес.
Жашы жете элек тажрыйбалуу бакмачы
Айназик 3 жылдан бери бакмачылык кылып акча таап, ата-энесине жардамдашат. Ал Ошко Алай районунун алыскы айылынан келген.Өзү өспүрүм болсо да, ушул күнгө чейин бир нече үй-бүлөлөрдүн чүрпөлөрүн торолтуп келатат. Көп балалуу үй-бүлөдө чоңойгондуктан, бул жумуш ага көнүмүш болуп калган. Тажрыйбасы арткан сайын кардарлар да көбөйүп жатканын айтат.
«Биз 7 бир тууганбыз. Мен экинчимин. Кичинекей кезибизден эле ини-сиңдилерибизди багып, үйрөнүп калгам. Бул жакка мени таежем алып келди. Башында анын баласын бактым, кийин таежемин кайын сиңдисинин баласын. Эми болсо коңшу жашаган эженин баласын багып жүрөм. Менин баламы багып бер дегендер көп. Акым үчүн мага кийим-кече алып беришет, ай сайын 5 миң сомдон төлөшөт.Акчаны ата-энеме жөнөтүп турушат»,- дейт Айназик.
Айтымында, Айназиктин атасы оорукчан, ишке жарамсыз. Апасы кичүү балдары менен үйдө отурат. Бирин-экин малы, дыйканчылыгы менен тирилик кылышат. Улуу эжеси Бишкекте соода-сатык менен алектенген айылдаштарынын баласын багат.
“Эжем бала багып, окуусунун контракт акчасын төлөйт. Мен да окуп, бир кесиптин ээси болгум келет. Бирок, 8-класстан мектепке барбай калдым. Эптеп аттестат алып алсам, тикмечиликке тапшырат элем”,- дейт Айназик.
“SOS Балдар айылына” жөнөтүлгөн бир туугандар
Аргасыздыктын айынан ар кимдин жумушун кылып нан тапкан балдар жөнүндө социалдык тармактарда кызуу талкуулар болуп, алардын тагдырына кайдыгер эместер жардамын кошту.
Ош шаарынын Ак-Тилек кичи районунда өспүрүм кыз күнү-түнү дүкөндө иштеп, өзүнүн бир туугандарын багып жатканын, алар камкордукка муктаж экендигин жергиликтүү тургун бейөкмөт уюмга маалымдаган.
“Эл аралык толеранттуулук үчүн” коомдук уюмунун Оштогу кеңсесинин жетекчиси Асел Жуматаеванын айтымында, бул балдардын апасы каза болуп, атасы ичкиликке берилип кеткен.
“Балдар Ошко Кара-Кулжа районунан келип, алгач дачный участокто батирде турушкан. Ижара акысын төлөй албай, көчөдө калышыптыр. Анан өз жанын багып иштөөгө аргасыз болушкан. Эң улуусу, 8-класста окуган кыз, дүкөндө сатуучу болуп иштеп, кичүү 2 инисин баккан. 1 кызын бейтааныш адамдар Алай районуна бала бактыруу үчүн алып кетишкен. Дагы бирөөсүн таежеси Бишкек тарапка алып кетип, бирок, бага албай, кайра Ошко туугандыгы жок эле бирөөлөргө бакмачы кылып берип койгон. Бул 2 кыздын дайынын табуу бир топ кыйынга турду”,- дейт Асел айым.
Бейөкмөтчү белгилегендей, бул балдардын баары мектепке тартылбай калган, айрым жарандар балдардын арзан жумушчү күчүн пайдаланган.
“Ичкиликке берилип кеткен атасы балдарынын иштеп, өз жанын багуусуна кызыкдар болгон. Аларды башкалар асырап алып, камкордук көрүүсүнө каршы болгон. Бирок, бейөкмөт уюм, шаар мэриясы, социалдык коргоо башкармалыгы менен биргеликте балдардын баары топтолуп, тийиштүү документтери даярдалгандан кийин аларды балдар үйүнө берүүгө макул болду. Социалдык тармактарда кайдыгер эмес жарандар кийим-кече жана китеп, окуу куралдарына каражаттарын беришти. Балдар Чолпон-Ата шаарындагы “SOS Балдар айылына” жайгаштырылды. Азыр алар чогуу жашап жана бир мектепте билим алып жатышат,- деди А.Жуматаева.
Жоопкерчилик кимде?
Серепчинин айтымында, балдардын жумушка тартылып, оор абалга кептелиши – тийиштүү мамлекеттик органдарда өз ара координациянын жоктугунан.
“Бала мектептен чыгып кетсе, бул тууралуу мектеп маалымдама берүү керек. Билим берүү, социалдык коргоо башкармалыктары, айыл өкмөтү, айылдык кеңештер өз ара координациялуу иштеши шарт. Мындай координация жок. Маселен, өздөрүнүн аймагына жаңы үй бүлө келип кошулса, андагы балдардын мектепке тартылышы, эмне менен алек болуп жатканын эсепке алуусу керек”,- дейт “Эл аралык толеранттуулук үчүн” уюмунун Оштогу кеңсесинин жетекчиси Асел Жуматаева.
Ал эми “Интербилим” бейөкмөт уюмунун адиси Нургүл Таштанова белгилегендей, мектеп келген-кеткен балдардын эсебин алат. Ансыз да мектептерге абдан көп жоопкерчиликтер тагылып жатканын айтат. Балдардын жумушка тартылышы – ата-энеге, үй бүлөнүн социалдык абалына байланыштуу дейт.
“Ата-эне балдардын билимге болгон укуктарын бузуп, иштеп утурумдук акча табышына кызыкдар болушууда. Ошентип баланын келечегин жок кылып жатышат. Балдар үй бүлөдө муктаждыктар бар үчүн иштешет. Жетиштүү жашаган үй-бүлөдө бала иштейм деп мектепти таштап чыгып кетпейт”,- дейт Нургүл айым.
Айтымында, баланы жумушка салган ата-энеге айып тагып, жоопкерчиликке тартуу кыйын.
“Ата-эненин жоопкерчилиги көп жерде жазылган: Балдар кодексинде, Билим берүү мыйзамында, Үй бүлө кодексинде жана Конституцияда. Ата-эне балага 9-класстык орто билим алууга милдеттүү түрдө шарт түзүп бериши керек. Эгер милдеттер аткарылбаса, администрациялык кодексте жазылган, административдик жаза колдонуу жагы бар. Анткен менен, ошол штрафты колдонуу процедурасын ишке ашыруу кыйын. Эгер мектептер штраф деп эле төлөтүп алса, мектептин жобосу боюнча акчаны алууга кыйынчылыктар бар. Штрафты өндүрүүнү айыл өкмөтү ата-энелер комитети менен чечип алса болот, бирок, бул өтө кыйын нерсе”,- дейт Нургүл Таштанова.
Тандоо укугу 10-класстан баштап гана
Анткен менен, 9-классты аяктагандан кийин бала мектептен билим алууну токтотууга укугу бар. Ар бир бала толук эмес орто билим алгандыгы тууралуу күбөлүк алышы шарт дейт адис. Ал эми дагы улантып окуу ата-эне менен баланын каалоосуна коюлат.
“Эгер ата-эне баласын 10-11-классты окутпаймын десе, баланы техникум же башка окуу жайга киргизип жатам, же бир мекемеде иштетем, же башка мамлекетке алып кетем десе, мектепке өзү кайрылып, арыз таштап кетет. Бул окуучунун өздүк делосуна тиркелет. Эгер бала шаарда иштеп, эмгектенип жаткан болсо, ай сайын ал бала тууралуу маалымат топтолуп, иш жүргүзүлүп турат”,- дейт Ош шаардык билим берүү башкармасынын сектор башчысы Кутман Камчиев.
Шаардык билим берүү башкармалыгы эмгекке тартылган балдардын өңчөйү айылдардан келгендер экенин белгилейт.
“Райондордон келип жаткан балдардын эсебинен шаарда балдар иштеп жатат деген жыйынтык чыгарылып жатат. Ар бир квартал, ар ай сайын базарларда, машина жууган жайларда милиция, социалдык коргоо, билим берүү башкармалыгы жана социалдык педагогдор менен рейд жүргүзүлүп турат. 50 бала иштеген болуп табылса, анын 10го жакыны эртең менен окуп, түштөн кийин ата-энеси менен кошо иштегендер. Калгандары райондордон келгендер”,- дейт Кутман Камчиев.
Адистин айтымында, райондон келсе да, окуйм деген бала сөзсүз шаардык мектепке кабыл алынат. Мурдагыдай жашаган жеринен прописка талап кылынбайт.
Кутман Камчиев белгилегендей, мектеп балдарга өз укуктары жөнүндө жеткиликтүү деңгээлде маалыматтарды берет.
“Тарбиялык сааттарда балдардын укуктары, балдар жөнүндөгү Конвенция окутулат. Ошондой эле билим берүү мекемелеринде ата-энелер конференциялары өткөрүлүп, балдардын укуктары, балдарды мыйзамсыз иштетүүгө жоопкерчилик, ата-энелердин милдеттери жана укуктары боюнча маселелер коюлат. Шаардагы балдардын ата-энелер комитеттеринин төрагалары менен ассоциация түзгөнбүз.Мектептерде алдын-алуу кааналары бар. Ата-энелер иштеп жаткан балдардын ата-энелери менен сүйлөшүшөт”,- дейт К.Камчиев.
Эксперт сунуштайт
Балдар окууга жана эмгекке болгон укуктарын жеткиликтүү билүүсүнө жетишүү үчүн сунуш-пикирин “Ар бир балага – үй-бүлө” коомдук фондунун жетекчиси Зейнеп Эшмуратова kloop.kg_ге айтып берди.
-Балдардын эмгекке тартылуусунун башкы себептери эмнеде болуп жатат?
- Ата-энелердин түшүнбөстүгүнөн балдар эмгекке тартылып жатат. Өлкө түштүгүндө 10 баланын 1өө оор жумушка тартылган. Негизи эле, балдардын 80%ы жумушка тартылат. Бул болсо укуктук жактан да коргоого алынбагандык. Балдарын оор жана кооптуу жумуштарга иштеткен ата-энени жоопкерчиликке тарта турган административдик жазанын аткарылбагандыгынан.
Балдар толук түрдө мектепке тартылып жатабы-жокпу, муну каттоого алган учет жок. Балдардын эмгеги боюнча 2006-жылы “Еvery Child” уюму тарабынан кеңири мониторинг жүргүзүлгөн. Андан бери мындай изилдөөлөр боло элек.
- Балдар өз укуктарын канчалык билишет? Канткенде балдар эмгеги боюнча абал жакшырат?
- Балдар укуктарын жакшы эле билишет. Бирок, биздин элдин менталитети балдар эмгеги дегенди башкача кабылдайт. Билгени менен жеткиликтүү түшүндүрбөйт. Маалыматтын жетишпестиги да бул маселени курчутат.
Эң биринчиден, мектеп Жашы жете элек балдар инспекциясы (ИДН) менен тыгыз иштеши керек.
Дагы бир жагдай - соцпедагогдор менен иштешкен бейөкмөт уюмдар жокко эсе. Биз Ош, Баткен жана Жалал-Абад облусундагы 42 айыл өкмөттө 138 мектептин социалдык педагогдору менен иштештик. Айыл мектептериндеги соцпедагогдор квалификациясын арттыруусу шарт. Айрым соцпедагогдор сырттан эле келип калгандыгын байкадык. Алар жумушка тартылган, кыйынчылык абалдагы балдар менен тыгыз иштеп, профиликтика жүргүзүшү керек да.
Суроо-сопкут: Ар кимде бар ар пикир
Балдар эмгекке болгон укук-милдеттерин канчалык билишери жөнүндө коомчулуктан ой-пикирлерди топтодук.
Нуржамал Атамова, ата-эне, Ош шаарынын тургуну:
- Азыр билимдүү, илимдүү болгонго караганда эпчил, чыйрак, акча көп таба алган адам коомдо көбүрөөк бааланып атканы адамдардын аң-сезимине таасир этип жаткандай. Баланы окуткандан көрө көбүрөөк иштетип, турмушка бышыруу керек деген ойлордун калыптантып атканы да баланы жаш кезинен иштеткенге түрткү болуп атат деп ойлойм. Ал үчүн адам баласына билим зарыл экенин, биз суктанып аткан мультимиллионер да билимге муктаж болуп каларын көбүрөөк жеткирүү керек деп ойлойм.
Айдарбек Медербек уулу, 8-класстын окуучусу:
- Үй бүлөдө муктаждык жаралса, бала ата-энесине жардам кылуу үчүн иштейт. Бирок, мектептен сырткаркы убакта гана иштесе болот. Иштеп акча табуу үчүн мектепти биротоло таштап койгон жарабайт. Билим алган бала чоң окуу жайына тапшырып, кесипке ээ болуп, кийин жакшы жашоо түзө алат. Билим албай калса, жакшы айлык ала турган жумушка орношо албайт. Кыйналып калат жашоодо.
Абдилаз Маматеминов, бизнесмен, Кара-Суу шаарынын тургуну:
- Рынок мамилелери балдарды иштеп акча тапса болорун көрсөтүп койду. Балдар тез эле чоңоюп, иштеп акча табууну самашат. Бул мыйзам ченемдүү нерсе. Балага багыт берүү керек, анын эмгектенип акча табуусуна кайра түрткү берген жакшы. Ийгиликтүү бизнесмен болуу үчүн акчаны эсептеп, пландап иштетүүнү, көбөйтүүнү билүү үчүн билим керек экенин түшүндүрүү зарыл. Ал эми күнүмдүк тыйын үчүн баланы мектептен чыгарып алган болбойт.
Айнура Калмаматова, педагог, Ош шаарынын тургуну:
- Балдар жакшы жашоодон мектепти таштап иштебейт. Бул социалдык илдет. Балдар билим алууга, жашы жеткенде иштөөгө болгон укуктарын эң жакшы билишет. Мында, кеп алардын укуктарын талашууда эмес, үй бүлөнүн абалын жакшыртууда. Эгер бала үйдө карды тойбой, киерге кийими жок иштегенге аргасыз болсо, аны жатак мектепке жайгаштырып, үзгүлтүксүз билим алууга мамлекет шарт түзүп бергени оң. Анан дагы балага жооптуу ата-эненин, же жакындарынын жоопкерчилигин так-кесе аныктап, иштөөгө мажбурлаган болсо, жаза колдонуу керек.
Автор: Гүлзат Газиева
Башкы сүрөт Эрнист Нурматовдуку
Материал “Кабар Ордо” долбоорунун алкагында даярдалды