Кыргызстандын жана жакынкы чет өлкөлөрдөн келген спортчулар “Pole Dance” Мырзасы жана Айымы наамдары үчүн ат салышышты. Акробатиканын бул түрү боюнча мелдеш 14-декабрь күнү Орус драмалык театрда өттү.
Катышуучулар профессионалдар жана профессионал эместер деген эки категория боюнча ат салышышты. Өз кезегинде профессионалдар да «Pole Artistic» жана «Pole Acrobatic» деп эки категорияга бөлүнүштү.
Мелдештин уюштуруучусу Ольга Чжао Кун Тундун айтымында, биринчиликтин максаты — акробатиканын бул түрүн спорттун жаңы түрү катары популярдуулукка жеткирүү.
«Залга толтура көрүүчүлөрдү чогултуп жатканыбыздан улам аракетибиз ийгиликтүү болуп атат деп ойлойм», — деди Чжао Кун Тун.
Спортчулардын бардыгы тең кийим тандоо же чыгуунун өзгөчөлүктөрү болбосун жеке индивидуалдуулугун, фантазиясын көрсөтүү мүмкүнчүлүктөрүнө ээ болушту.
Профессионалдар менен профессионал эместердин мелдештеринин ортосунда «Тринити» бий тобу бийледи.
Катышуучулардын көнүгүүлөрүн Кыргызстандын, Казакстандын, Орусиянын жана Польшанын акробатика боюнча мыкты эксперт адистери баалашты.
Авторлор: Айрин Абдракманова жана Анна Тищенко