Бишкекте пилондо бийлөө боюнча эл аралык биринчилик өттү

Кыргызстандын жана жакынкы чет өлкөлөрдөн келген спортчулар “Pole Dance” Мырзасы жана Айымы наамдары үчүн ат салышышты. Акробатиканын бул түрү боюнча мелдеш 14-декабрь күнү Орус драмалык театрда өттү.

Катышуучулар профессионалдар жана профессионал эместер деген эки категория боюнча ат салышышты. Өз кезегинде профессионалдар да «Pole Artistic» жана «Pole Acrobatic» деп эки категорияга бөлүнүштү.

IMG_0925_1IMG_9640_1Мелдештин уюштуруучусу Ольга Чжао Кун Тундун айтымында, биринчиликтин максаты  — акробатиканын бул түрүн спорттун жаңы түрү катары популярдуулукка жеткирүү.

IMG_1797_1«Залга толтура көрүүчүлөрдү чогултуп жатканыбыздан улам аракетибиз ийгиликтүү болуп атат деп ойлойм», — деди Чжао Кун Тун.

IMG_0785_1Спортчулардын бардыгы тең кийим тандоо же чыгуунун өзгөчөлүктөрү болбосун жеке индивидуалдуулугун, фантазиясын көрсөтүү мүмкүнчүлүктөрүнө ээ болушту.

IMG_9410_1Профессионалдар менен профессионал эместердин мелдештеринин ортосунда «Тринити» бий тобу бийледи.

IMG_1713_1Катышуучулардын көнүгүүлөрүн Кыргызстандын, Казакстандын, Орусиянын жана Польшанын акробатика боюнча мыкты эксперт адистери баалашты.

IMG_1942_2Авторлор: Айрин Абдракманова жана Анна Тищенко