Орусиялык «Макдоналдс» кыргызстандык «мыйзамсыз» мигрантты жумушка алгандыгы үчүн белгиленген жаза менен макул эмес

 «Макдоналдс» тез тамактануу тармагы Кыргызстандан барган «мыйзамсыз» мигрантты Москвадагы ресторандарынын бирине жумушка алгандыгы үчүн белгиленген жаза менен макул эмес.

16-декабрда «Макдоналдс» Москванын Арбитарждык сотунун компанияны миграциялык мыйзамды бузган деп тапкан апрелдеги чечими боюнча Орусиянын Жогорку Арбитраждык сотуна арыз менен кайрылды.

Кыргызстандан «мыйзамсыз» барган Назиракан Асанакунованы жумушка алгандыгы үчүн Орусияда жоопкерчилиги чектелген коом (ЖЧК) катары иштеп жаткан америкалык «Макдоналдс» тез тамактануу тармагы айып төлөөгө милдеттендирилди.

Москванын Федералдык миграция кызматынын текшерүүсүнө ылайык, Асанакунова жумушка орношкон кезде анын Москвада иштөөгө уруксат кагазы жок болгон.

Жыйынтыгында «Макдоналдсты» 300 миң рубль (дээрлик 450 миң сом) өлчөмүндөгү  айып төлөөгө милдеттендиришти.

Буга чейинки соттук угууларда компания өкүлдөрү кыргызстандык кыз жумушка орношуп жатканда Орусиянын паспортун көрсөткөндүгүн айтып, ишендирүүгө аракет кылган болчу, бирок Москванын Арбитраждык соту «Макдоналдстын» бул аргументин канааттандырган эмес.

«Сот компания таянып жаткан документтер 22-январдан кийин, тактап айтканда, жумушка алуудагы мыйзам бузуу фактысы аныкталгандан кийин алынганын жана ал документтер иштин натыйжасына кызыкдар адамдардын таасири астында берилгендигин белгилеген», — деп билдирди Орусиянын укуктук жана соттук маалыматтар агенттиги.

Kloop.kgнин кабарчылары жумушка орношуусунун чоо-жайын тактоо үчүн Асанакунова менен байланыша алган жок.

Орусиялык «Макдоналдс» бул боюнча комментарий берүүдөн баш тартты.

Кыргызстан Орусиянын ири шаарларын арзан жумушчу күчтөрү менен камсыз кылып турган өлкөлөрдүн бири болуп эсептелет.

Автор: Эльдос Казыбеков

Сүрөттө Москвадагы «Макдоналдстын» Борбордук Азиядан барган жумушчусу. Автору: Бектур Искендер