Күйүп кеткен жайкы эс алуу курулушу кыргыз-тажик чек арасында чыңалууну жаратты

Кыргызстандын Баткен облусундагы Ак-Сай аймагында жергиликтүү жашоочулардын бирине тиешелүү жайкы эс алуу курулушу өрттөнүп кеткенден кийин кыргыз-тажик чек арасына эки тараптан тең адамдар топтолуп, 200гө чукул адам Исфара-Ворух унаа жолун тосуп алышты

Баткен районунун Ак-Сай айылындагы жайкы эс алуу курулушу 17-декабрь күнү күйүп кеткен. Жергиликтүү жашоочулар курулушка өрттү Тажикстандын жарандары койгон деп шектенип чыгышкан.

Бул өз кезегинде алыс эмес жайгашкан кыргыз-тажик чек арасында чыңалууну жаратты.

Кыргызстандын Мамлекеттик чек ара кызматы билдиргендей, жыйынтыгында ал жерге эки тараптан биригип 200гө чукул адам чогулуп, Исфара-Ворух унаа жолун тосуп алышкан.

Аталган унаа жолу — бардык тарабынан Кыргызстандын аймагы менен курчалган тажиктердин Ворух эксклавы менен Тажикстандын негизги бөлүгүн байланыштырып турган жападан жалгыз жол.

Trassa-Isfara-Voruh-200x130
Исфара-Ворух унаа жолу

Чек ара кызматы эс алуу курулушундагы өрттүн чыгуу себептерин аныктоо үчүн чыңалуу орун алган чек ара аймагына ыкчам-иликтөө тобу барганын билдирүүдө.

Аны менен катар чек арадагы абалды Кыргызстан тараптан Баткен облустук чек ара отряды көзөмөлгө алууда.

«Абалды турукташтыруу максатында бүгүн Кыргызстан менен Тажикстандын Баткен жана Согди облустары боюнча ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн орун басарларынын деңгээлинде күч түзүмдөрүнүн катышуучусу менен жолугушуу белгиленди», — деп жазылган Мамлекеттик чек ара кызматынын пресс-релизинде.

Бул акыркы жылдары Кыргызстандын түштүгүндөгү чек ара аймактарында тутанган келише албастык кырдаалдарынын алгачкысы эмес.

2013-жылдын июнунда Кыргызстандын чек арага жакын жайгашкан айылдарынын жашоочулары Тажикстандын жараны чек арачыга кол салгандан кийин ал өлкөгө кетчү жолду тосуп алышкан.

Ал эми акыркы жылдардагы эң олуттуу чек ара чыры 2013-жылдын январында Сох өзбек анклавына жакын жерде болгон.

Анда Хушьяр өзбек айылынын жашоочулары Кыргызстандын чек арачылары менен чырлаша кетишип, андан соң анклав аркылуу өтүп бара жаткан Кыргызстандын 16 даранын барымтага алып алышкан.

Барымтадагылар бир суткадан кийин, кыргыз жана өзбек укук коргоо органдары биргелешип жүргүзгөн иштердин жыйынтыгында бошотулган.

Автор: Бектур Искендер

Сүрөт иллюстрацияланган, кыргыз-тажик чек арасы