Кыргызстандыктын дачасын «өрттөп кетишкендиктен» жергиликтүүлөр Исфара — Ворух унаа жолун буушту

18-декабрда Кыргызстан менен Тажикстандын 200гө чукул жараны Исфара — Ворух унаа жолун тосуп алышты. Буга Баткен районунун Ак-Сай айылынын жашоочуларынын айылдашынын дачасын тажикстандыктар өрттөп кеткен деген шектенүүлөрү себеп болгон.

 Кыргызстандын чек ара кызматынын пресс-релизинен:

Мамлекеттик чек ара кызматынын Коомчулук жана ЖМКлар менен байланыш бөлүмү 2013-жылдын 17-декабрында кыргыз-тажик чек арасынан алыс эмес жайгашкан Баткен районунун Ак-Сай айылында Кыргызстандын жаранына тиешелүү болгон жайкы эс алуу курулушунда өрт чыкканын кабарлайт.

Кыргызстандын Баткен районундагы Ак-Сай айылынын жашоочулары өрттү  Тажикстандын жарандары койгон деп шектенип жатышат.

Мындан улам эки өлкөнүн – Кыргызстан менен Тажикстандын жарандары Исфара – Ворух унаа жолун тосуп алышты. Эки тараптан биригип 200гө чукул адамдын чогулганы байкалууда.

Азыркы тапта өрттүн чыгуу себептерин тактоо үчүн Баткен районунун Ак-Сай айылында ыкчам-иликтөө тобу иштеп жатат.

Мамлекеттик чек аранын аталган бөлүгүндөгү абал укук коргоо органдары менен биргеликте Баткен облустук чек ара отряды тарабынан көзөмөлдөнүүдө.

Абалды турукташтыруу максатында бүгүн Кыргызстан менен Тажикстандын Баткен жана Согди облустары боюнча ыйгарымдуу өкүлдөрүнүн орун басарларынын дэңгээлинде күз түзүмдөрүнүн катышуусу менен жолугушуу белгиленди.