Улуу Британия узак мөөнөткө виза алгысы келген кыргызстандыктар үчүн кургак учукка текшерүү тартибин киргизет

2014-жылдан баштап Улуу Британияга жарым жылдан ашык убакытка барууну каалаган кыргызстандыктар милдеттүү түрдө кургак учукка текшерүүдөн өтүүлөрү керек болот. Буга өлкөдө кургак учукка чалдыккандардын көбөйүшү себеп болгону айтылууда.

Улуу Британиянын Кыргызстандагы элчилигинин пресс-релизинен:

Улуу Британияга баруу үчүн виза алууга арыз жазган Кыргызстандын жарандарынын бардыгы үчүн кургак учукка текшерүү тартиби

2013-жылдын 31-декабрынан тартып Улуу Британияга 6 айдан ашык мөөнөткө виза алгысы келген Кыргызстандын жашоочулары виза алуу үчүн арыз жазганга чейин кургак учукка карата текшерүүдөн өтүүлөрү керек болот. Эгер сиз Улуу Британияга 6 же андан ашык мөөнөткө виза алуу үчүн арыз бергени жатсаңыз анда сизге кургак учукка текшерүүдөн өтүүгө туура келет.

Бул тартип Кыргызстан менен бирге дагы 66 өлкөнү жарандары кургак учукка текшерүүдөн өтүүлөрү керек болгон кошумча тизмеге киргизүү жөнүндөгү Улуу Британиянын өкмөтүнүн 2012-жылдын майында чыгарган токтомунун негизинде киргизилүүдө.

Мындай чечим кургак учукка чалдыккандардын санынын көптүгү тууралуу Бүткүл дүйнөлүк Саламаттыкты сактоо уюмунун маалыматынын негизинде кабыл алынган.

Мындай тартип АКШ, Канада, Австралия жана Жаңы Зеландия сыяктуу бир катар өлкөлөрдө киргизилип, ишке ашырылууда.

Бул боюнча кененирээк маалымат Улуу Британиянын Ички иштер министрлиги тарабынан жарыяланган Кыргызстан үчүн Улуу Британияга визалар деген веб-сайтта жазылган.

Кургак учукка милдеттүү түрдө текшерилүү туристтер менен визанын башка түрүнө арыз жазгандар үчүн талап кылынбайт. Текшерилүү талап кылынгандардын арасында жубайлар үчүн виза алууга арыз жазгандар да бар.  

Бул талап Улуу Британияга алты айдан ашык мөөнөткө виза алуу үчүн арыз жазгандардын баардыгы үчүн тиешелүү, ошондой эле талап студенттик Tier 4 визасын алууну каалагандар үчүн дагы милдеттүү болуп эсептелинет. Талапка ылайык, жаран виза алууга арыз жазуунун алдында рентген-тестирлөөдөн өтүп, кургак учук менен оорубастыгын көрсөтүү үчүн Казакстандагы Медициналык борбордон Улуу Британиянын Ички иштер министрлиги менен макулдашылган сертификат алуулары керек. Арыз берүүчүлөр ал сертификатты виза алуу үчүн жазган арызына тиркеши керек болот.

Кургак учукка текшерүүдөн өтүү талап кылынган жарандар аталган клиникага кайрылып, рентгенографиядан өтө турган убактысын белгилеш керек. Рентгенография үчүн төлөнүшү керек болгон акча медициналык мекеменин өзүндө төлөнөт. Рентгенографиядан өтүү 2013-жылдын 31-декабрынан эрте белгиленбеши керек.

Улуу Британиянын Ички иштер министрлиги менен макулдашылганКыргызстандагы медициналык мекемелер жөнүндө кененирээк маалымат Кыргызстан үчүн Улуу Британияга визалар веб-сайтында жазылган.