Депутат Саматов миңдеген адамдар катышкан тоюна канча каражат сарптаганын билбейт

Депутат Жыргалбек Саматов Kloop.kgге берген эксклюзивдүү маегинде 70 миңге чукул адам катышкан уулунун тоюн уюштурууга канча каражат сарптаганын «эсептей электигин» билдирди.

Депутат Саматов 5 жаштагы улуунун дем алыш күндөрү Өзөндө өткөн сүннөт тоюнда жеңүүчүлөргө баалуу байгелер коюлганын ырастады.

Бирок ал коюлган байгелер өзүнө тиешелүү болгонун четке кагып,  аларды сатып албаганын билдирүүдө.

Кеп болжол менен 50 төө, 20 жылкы жана 20 топоз жөнүндө болуп жатат — «5-каналдын» журналисттеринин иликтөөсүнө ылайык, булардын бардыгы тең ат-спорттук оюндарынын жеңүүчүлөрүнө байге катары берилген.

Өз кезегинде депутат ал байгелер тойго келген коноктор тарабынан берилген белектер болгонун айтып, ынандырууга аракет кылды.

«Канча жылкы жана канча төө болгонун так билбейм, анткени алар менин конокторумдун белектери болгон. Адамдар туулган күнүңөргө келгенде белек беришет го, тойдо да ошондой эле белектерди беришет», — деди парламентарий Kloop.kgге берген маегинде.

Жыргалбек Саматовдун тою тууралуу «5-каналдын» сюжети:

Бир апта бою «ысырапкорчулугу» үчүн депутаттын дарегине карата Кыргызстандын Интернет мейкиндигинде көптөгөн сындар айтылганы менен эл өкүлүнүн өзү тойду уюштурууга канча акча чыгымдаганын эсептей электигин билдирүүдө.

«Канча акча сарптаганымды так билбейм, эсептей элекмин», — деди Kloop.kgге берген маегинде.

70 миң сомдон ашык

Саматов тойго канча акча сарптаганын «эсептей элек»
Саматов тойго канча акча сарптаганын «эсептей элек»

Парламенттин депутаты катары Саматовдун расмий бир жылдык айлык маянасы 600 миң сомдон ашыгыраак сумманы түзөт.

Расмий маалыматтарга ылайык, ал 10 жылдан бери ишкерлик менен алектенбейт, 2002-жылдан бери мамлекеттик кызматтарда гана иштеп келет – коомчулукта күмөн саноолордун жаралышына ушул факты да себеп болгон.

Парламентте «Ата-Журт» фракциясынын өкүлү болгон депутат анын тоюуна 70 миң киши катышканын ырастады.

«Конокторду санаган атайын кишилер келишти, алардын кантип санагандыктарын мен так билбейм, бирок алар болжол менен 70 миңге чукул адам экенин айтышты», — деди ал.

Kloop.kgнин кабарчысы Караколдогу зоопарктын директору Салтанат Сейитова менен байланышып, бир төөнүн жана бир жылкынын болжолдуу баасын сурап билди — анын айтымында, төө 80 миң сом, а жылкы —  30 миңден жогору турат.

«5-каналдын» журналисттери болсо Мамлекеттик салык кызматынын тескөөчүсү менен маектешишкен – ал тойдо утушка ээ болгондор байгелери үчүн салык төлөөлөрү керек экенин билдирген.

Автор: Клара Абдукова

Сүрөттө: Жыргалбек Саматовдун тою, “5-каналдын” сюжетиндеги кадр