КТРКнын байкоочу кеңеши Оторбаевди башкы директорлук ордунда калтырды

Кубат Оторбаев ага карата ишембөөчүлүк көрсөтүү боюнча байкоочу кеңештеги добуш берүүдөн кийин Коомдук телерадиокорпорацисынын (КТРКнын) башкы директору бойдон калды.

Добуш берүү саясый мүнөзгө ээ болду —  кеңештин кээ бир мүчөлөрү, ошондой эле парламенттеги оппозициялык депутаттар Оторбаевди КТРК Кыргызстандагы окуяларды «тиешелүү деңгээлде объективдүү жана көп тараптуу» кылып чагылдырбай жатат деп айыпташты.

Аны менен катар башкы директорду телеканалдын өнүгүү стратегиясын сунуштоону кечиктиргендиги жана канааттандыраарлык эмес жылдык отчету үчүн сынга алышты.

Бирок жыйынтыгында байкоочу кеңештин 15 мүчөсүнүн алтысы гана Оторбаевге ишембөөчүлүчүк көрсөтүү үчүн добуш беришти.

Добуш берүү аяктаары менен Kloop.kgнин журналисттери менен болгон маегинде КТРКнын башкы директору дарегине айтылган дооматтар корпорациянын ишмердүүлүгүнө эмес, а анын «жылдык отчетуна» негизделгенин билдирди.

Оппозициянын сыны

Добуш берүү бир нече ай бою парламенттеги талаш-тартыштардан кийин орун алды.

«Ата-Журт» партиясынын депутаттары телеканал башчысын 2012-жылдын октябрындагы митингде бийликти басып алууга аракеттенишкен деп айыпталып жаткан партия лидерлеринин сотун бир жактуу чагылдырып жатат деп айыпташкан.

Өз кезегинде парламенттин партиясыз депутаты Өмүрбек Абдрахманов УКМК тарткан оппозициянын Нарын дарыясын уулантуу боюнча болжолдуу планынын КТРКнын эфиринен көрсөтүлүшүн сынга алган — Абдрахманов андан атайын кызматтагылардын коомдук телерадиокорпорацияга жасаган басымын байкаган.

Жолдошева тууралуу иликтөө

Оторбаев анын жетекчилигиндеги телерадиокорпорация саясий тирешүүлөрдү чагылдырууда бардык тараптардын пикирлерин эске алуу менен берээрин айтып, КТРКны бир тараптуулукка айыптагандар менен макул болбой келет.

Ишембөөчүлүк көрсөтүүнүн демчилгечилеринин бири депутат Жылдызкан Жолдошева болгон
Ишембөөчүлүк көрсөтүүнүн демчилгечилеринин бири депутат Жылдызкан Жолдошева болгон

Анын пикиринде, КТРКнын журналисттери «Ата-Журттун» депутаты Жылдызкан Жолдошеванын кайрымдуулук фондусунун ишмердүүлүгүн иликтеп баштагандыктан бүгүнкү добуш берүүнү аталган депутат демилгелеген.

«Добуш берүү ошондой эле ал жетектеген Курманжан датка атындагы фонддун мыйзамсыз ишмердүүлүгү тууралуу жаңылыктарда айтылгандыгы менен байланыштуу», — деген башкы директор «Вечерний Бишкек» гезитине берген маегинде.

Ошентсе да байкоочу кеңештин мүчөсү Илим Карыпбеков КТРКнын «редакциялык саясатынын бир катар принципптери бузулганы» менен макул.

«Бул [ишембөөчүлүк боюнча добуш берүү] КТРКнын тарыхында биринчи жолу болуп атат, бирок ал чынында коомдук телерадиоберүү корпорациясында кадимки эле практика болуп калышы керек. Менин оюмча, мындан ары да ушундай маселелер көтөрүлүп турат», — деди Карыпбеков добуш берүү аяктагандан кийин Kloop.kgге берген маегинде.

Оторбаев КТРКнын башчысы болуп 2010-жылдагы революциядан кийин дароо эле дайындалган. Анын башкаруусунда телерадиокорпорация улуттук статусун коомдук статуска өзгөртүп, масштабдуу реформаны башынан өткөргөн.

Буга чейин ал «Азаттык» радиосунда сегиз жыл иштеп, 2005-жылдан 2010-жылга чейин аны жетектеп турган.

Автор: Айшоола Айсаева