Ош облусунун Ноокат районунун жашоочусу Каримжан Хасанов жергиликтүү милиционерлер тарабынан сабалгандыгын жана аларга каршы прокуратурага арыз менен кайрылгандан кийин коркутуп-үркүтүүлөргө туш болуп жатканын билдирүүдө. ИИМ коркутуулар жана зордук-зомбулуктар тууралуу дарегине айтылган айыптоолорду четке кагып жатат.
Хасановдун айтымында, ал 9-декабрь күнү Ноокат райондук ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан сабалгандан кийин облустук прокуратурага арыз менен кайрылган.
«[Милиционерлер] мени Ноокат РИИБсине алып барышып, ал жерден сабап башташты. Башыма полиэтилен баштыгын кийгизишти, муунтуп, бутума союл менен урушту», — деди ал Kloop.kgге берген маегинде.
Ноокаттын жашоочусунун сөзү боюнча, аны милиция кызматкерлери досуңа тууганынын «адепсиз» жүрүш-турушу тууралуу айтып, «башка үй-бүлөнү буздуң» деп айыпташкан.
Орусиянын жараны болуп эсептелген Хасанов милиция кызматкерлери андан 5 миң АКШ долларын (245 миң сом) талап кылышкандыгын айтып, ынандырууга аракет кылууда.
«Мен 50 миң сом таап, алып келип берүүлөрүн өтүндүм. Анан алар милиция органдарына эч кандай дооматым жоктугу тууралуу тил кат жаздырып алышты. Мени 50 миң сом алып келип беришкенден кийин кое беришти», — деди ал.
Бошотулгандан кийин Хасанов ооруканага жаткырылган, андан дагы деле чыга элек.
Ооруканага чейин барышкан
Хасанов милиционерлердин аракеттерине даттанып Башкы, облустук жана райондук прокуратураларга, ошондой эле Орусиянын өлкөдөгү элчилигине арыз менен кайрылган.
Жыйынтыгында, анын иши менен Ош облустук прокуратурасы алектенип баштаган. Айтымында, өз кезегинде бул милиционерлер тарабынан жасалган басымдын жаңы толкунун жараткан.
Хасановдун айтымында, милиция өкүлдөрү бир нече жолу келип, андан арызды кайтарып алышын талап кылып коркутушкан. Өч алуудан коркуп ал укук коргоочуларга да жардам сурап кайрылган.
«Ооруканада жатканыма бир апта болуп калды — улам бирөө келип [милиционерлердин] арызымды алышым керектигин айтып жатышат», — деди ал.
Айтымында, 18-декабрда анын үйүнө 150-200гө чукул адам келип милицияга каршы берген көрсөтмөсүнөн баш тартпаса үйүн өрттөп жибере тургандыктарын айтып коркутушкан.
Ал ортодо милиция Хасановду сабап, аны коркутуп жаткандыктары тууралуу айтылган маалыматтарды четке кагып жатат.
«Азырынча аны ноокаттык милиционерлердин сабагандыгы ырасталган жок, биздин кызматкерлер да моюндарына албай эле. Хасановго карата эч кандай кыйноо болгон эмес», — деди Kloop.kgге берген маегинде Ош облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз катчысы Жеңишбек Ашырбаев.
Автор: Дарина Манасбекова
Иллюстрацияланган сүрөт, Ноокаттын борбору