Видео: Салык кызматы алкоголь ичимдиктерин өндүргөн жашыруун цех тапты

Мамлекеттик салык кызматынын кызматкерлери Ош шаарында рейд өткөрүшүп, анын жүрүшүндө алкоголдук ичимдиктерди өндүрүү боюнча жашыруун цех табышты.

Цех түштүк борбордогу «Бостон» базарында жайгашкан.

Салык кызматкерлери «колго жасалган» 400 бөтөлкө спирт ичимдигин, ошондой эле арак жана акциздик маркаларды өндүрүүчү жабдууларды алышты.