Каныбек Нарбаев 20-декабрда Мамлекеттик архитектура, курулуш жана турак-жай коммуналдык чарба агенттигинин директору кызматынан алынды.
Өкмөттүн пресс-релизинен:
К.Д.Нарбаев жөнүндөгү буйрук:
Нарбаев Каныбек Жайчиевич берген арызына ылайык, Кыргыз Республикасынын өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак-жай коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директору ээлеген кызматынан бошотулду.
Тиешелүү буйрукка Кыргыз Республикасынын премьер-министри Жантөрө Сатыбалдиев кол койду.
Т. Мамбетов жөнүндөгү буйрук:
Кыргыз Республикасынын өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директорунун орун басары Мамбетов Турдубекке Кыргыз Республикасынын өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директорунун милдетин аткаруу тапшырылды.
Тиешелүү буйрукка Кыргыз Республикасынын премьер-министри Жантөрө Сатыбалдиев кол койду.