Коомдук биринчи каналдын башкы директору байкоочу кеңеш тарабынан дарегине айтылган дооматтар жөнүндө жана эмнеге аны кызматынан кетирүүгө аракет кылгандыктары тууралуу айтып берди.
Маектин кыргыз тилиндеги котормосу:
Kloop.kg: Байкоочу кеңеш сиздин жылдык отчетуңузду эмнеге канааттандыраарлык эмес деп тапты?
Кубат Оторбаев: Аны байкоочу кеңештин өзүнөн сураш керек го.
Kloop.kg: Отчеттон кемчиликтерди тапкандан кийин алар сиз менен байланышып, сүйлөшүшкөн жокпу?
Оторбаев: Албетте, протокол болгон. Биз аны алып көрсөтүлгөн кемчиликтердин үстүнөн иштедик.
Негизинен, дооматтар корпорациянын ишмердүүлүгү боюнча эмес, а протоколдун толтурулушу боюнча айтылды. Мында кеңештин алдында жалгыз адам эмес, бүтүндөй бир корпорация жооп берип жатат.
Kloop.kg: «Ала-Тоо» маалымат программасына байланышкан дооматтар да болгон деп айтылды эле.
Оторбаев: Албетте, «Ала-Тоо» — бул өтө ири уюм. Алар күн сайын сегиз чыгарылыштан даярдашат. Анан албетте, кайсыл жерде жумуш жүрүп жатса ал жерде сөзсүз сын дагы болот. Ага адам фактору таасир этет, техникалык каталар да болот. Биз ал каталарды жоюуунун үстүндө иштеп жатабыз.
Kloop.kg: 15-ноябрда КТРКнын мааракесинде кызматтан кете тургандыгыңыз жөнүндө айттыңыз эле, эмнеге байланыштуу антип айттыңыз?
Оторбаев: Мен антип айткан эмесмин. Мен эскертме катары: «Эгер биздин жумушубузда мындан ары таптакыр жылыш жок болуп, жыйынтык болбосо өзүм кетем», — деп айткам.
Жыйынтыктар албетте бар, мен мисал келтире алам. Бул балдарга арналган «Баластан» агартуучулук телеканалынын ачылышы . 5 миллиондук калктын 1 миллион 700 миңи — бул 14 жашка чейинки балдар, ошондуктан биз өсүп келе жаткан муунду тарбиялоого чоң көңүл буруп жатабыз. Бүгүнкү жаштар — бул келечектеги өлкөбүздүн кожоюндары болушат.
Биз дагы бир радио ачтык, бирок чынын айтыш керек азырынча интернетте гана. Ал радио «Достук» деп аталат, улуттар аралык ынтыкмакты чыңдоого багытталган.
Ошондой эле биз баалуу архивдик материалдарды чыгарып баштадык. Алсак, Чыңгыз Төрөкулович Айтматовдун 85-жылдыгына карата өзүнчө эки анталогия чыгардык.
Биринчиси — бул Чыңгыз Төрөкуловичтин чыгармалары боюнча кинофильмдер, анда сегиз тасма бар. Экинчи анталогия — бул аудио, анда биздин чыгаан артисттерибиз Чыңгыз Төрөкулович Айтматовдун чыгармаларын окушат. Дагы эки чыгарма бар, аларды Чыңгыз Төрөкулович өзү окуган — алар «Биринчи мугалим» жана «Кызыл алма» чыгармалары.