Зарылбек Рысалиев кызматынан бошотулду

Өкмөт Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын башчысы Зарылбек Рысалиевди кызматынан бошотту. Расмий себеби — башка кызматка өткөндүгүнө байланыштуу, бирок анын жаңы кызмат орду тууралуу эч нерсе айтылбай эле.

Жазаларды аткаруу кызматынын төрагалыгына чейин ички иштер министрлигин башкарган Рысалиев бул кызматында 2012-жылдын ноябрынан бери иштеп келген.

Бирок бул мезгилдин аралыгында Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматында бир топ чыр-чатактар болгон, алардын эң ирилеринин бири болуп үстүбүздөгү жылдын май айында криминал авторитети Азиз Батукаевдин эркиндикке чыгарылышы эсептелинет.

Батукаевдин бошотулушунун алгачкы себептери катары мөөнөтүнөн мурда эркиндикке чыгууга мүмкүндүк берген анын катуу оорусу айтылган.

Бирок кийинчерээк парламенттин депутаттарынан түзүлгөн комиссия иликтөө жүргүзүп, авторитеттин анализдери жасалма болгондугун билдирген.

Азырынча Рысалиевдин кызматынан бошотулушуна Батукаевдин мөөнөтүнөн мурда эркиндикке чыгарылышы себеп болгон-болбогону белгисиз.

Ал өзү Kloop.kgнин журналисти менен болгон маегинде азырынча аны кайсыл кызматка которо тургандыктарын билбестигин айтып, кызматтан алынышынын чоо-жайы тууралуу кеп кылган жок.

Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын башчысынын милдетин убактылуу төраганын биринчи орун басары Куанышбек Кененбаев аткарат.

Автор: Дарина Манасбекова