Ylvis: Кыргызстанда нааразычыктарды жараткан норвегиялыктардын клиби жылдын эң популярдуу видеосу деп табылды

Норвегиялык Ylvis тобунун «The Fox» ырына тарткан клиби 2013-жылы YouTube сервисиндеги эң популярдуу ролик болуп табылды. Буга чейин бир тууган комикстердин кыргыз тилинде тилденген сөздөрдүн коштоосундагы дуэти Норвегия телеберүүсүндө көрсөтүлүп, даңкы чыккан болчу.

«The Fox» («Түлкү») ырынын клиби тартылгандан бери үч айдын ичинде дээрлик 300 миллион жолу көрүлүп, YouTube сервисиндеги жылдын ролиги аталды.

Кыргызстандыктарга ырдын авторлору, Норвегиялык Ylvis дуэти 2013-жылдын май айында Норвегиялык телеканалдын эфиринен кыргызча тилденген сөздөрдү кошуп ырдагандыгы менен белгилүү.

Кыргызстанга арналган «Жаным» деген ырын ырдап жатып алар кыргыз тилиндеги тилденген сөздөрдү кошуп кыйкырышкан, бирок ырдын алгачкы вариантында андай сөздөр жок болчу.

«The Fox» клиби бир тууган Бордом жана Вегардом Ильвисокерлер тарабынан 2013-жылдын сентябрында, дуэттин Кыргызстандагы чыр-чатагынан кийин чыккан.

Буга чейин мекени Норвегияда эле белгилүү бир туугандар түлкүнүн чыгарган үндөрүн туураган күлкүлүү ыры менен күтүүсүздөн эле дүйнөлүк жылдыз болуп чыга келишкен.

«The Fox» ыры чыккандан кийин алар аудио жана видеолорду өндүрүп, аларды жайылтуу менен алектенген америкалык Warner Music Group компаниясы менен келишим түзүшкөн.

Аталган ыр америкалык «Billboard Hot 100″ хит-парадында 10-орунга чейин жетти.

Автор:  Мухаммед Султанов