Өкмөт «Кумтөр» маселесин жабык эшик артында талкуулап жатат

Бүгүн Кыргызстандын өкмөтү «Кумтөр» алтын кенинин тагдырын талкуулап жатат. Жабык эшик артында өтүп жаткан жыйында өлкө компаниянын акцияларынын канча пайыз үлүшүнө ээ болоору чечилет.

Үстүбүздөгү жылдын октябрында парламент депутаттары «Кумтөргө» ээлик кылуу боюнча Кыргызстан менен канадалык «Центерра Голд» компаниясынын ортосундагы макулдашуунун жаңы вариантын колдобой койгон. Мындан улам өкмөт бүгүн ал маселе боюнча чогулууга аргасыз.

Буга чейин өкмөт «Кумтөргө» ээлик кылууда Кыргызстан менен «Центерра» бирдей үлүшкө ээ боло тургандай вариант сунуштаган, бирок парламент депутаттары өлкө акциялардын 67 пайызына ээ болушу керек деген талап коюшкан.

Депутаттар парламенттин 23-октябрындагы жыйынында бул маселе боюнча чечим табуу үчүн өкмөткө туура эки ай мөөнөт берген.

Бүгүн өкмөт «Кумтөр» маселеси боюнча акыркы позициясын билдириши керек, бирок канадалык өнөктөштөрдүн парламент тарабынан сунушталып жаткан вариантты кароодон баш тартып жатышы өкмөттүн абалын оорлотууда.

Ноябрь айында «Центерранын» өкүлү Кыргызстанга «Кумтөрдүн» 67 пайыз акциясын берүү «таптакыр мүмкүн эмес» экенин жана эгер андай чечим кабыл алына турган болсо компания кыргыз өкмөтү менен соттошууга даяр экенин билдирген.

Бирок парламенттин бир катар депутаттары — өзгөчө оппозиялык «Ата-Журт» партиясынын өкүлдөрү — алтын өндүрүү компаниясынын толугу менен улутташтырылышын талап кылып жатышат.

Бир тараптуу позиция жок

24-декабрда парламенттин адам укуктары, конституциялык мыйзамдар жана мамлекеттик түзүлүш боюнча комитети «Кумтөр» боюнча угуу өткөрөт, анда өкмөттүн бүгүнкү чечими каралышы мүмкүн.

Азыркыга чейин президент Алмазбек Атамбаев баш болгон бийликтегилер «Кумтөргө» ким жана кандайча ээлик кылышы керектиги боюнча так позицияларын билдирише элек.

Эгер октябрда Атамбаев дагы, премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев дагы өлкөдө акциялардын 67 пайызына ээлик кылуу мүмкүнчүлүгү жоктугу тууралуу айтып жаткан болсо, ноябрда өлкө башчысы ишкананын улутташтырылышы мүмкүндүгүнүн четин чыгарып айткан.

Бүгүнкү күнгө карата «Кумтөр» толугу менен канадалык «Центерра Голд» компаниясына тиешелүү.

Өз кезегинде Кыргызстан «Центерранын» акцияларынын 33 пайызына ээлик кылат, эгер «Кумтөр» боюнча биргелешкен ишкана түзүү тууралуу жаңы макулдашуу күчүнө кирсе өлкө ал үлүштөрүнөн баш тартууга даяр.

Автор: Бектур Искендер