Олимпиада-2014: Азырынча Кыргызстан курамасынын түзүмү белгисиз

Дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттик 2014-жылкы кышкы Олимпиада оюндарына негизги талапкер катары лыжачы Дмитрий Трелевскийди, ошондой эле сноубордчу Алексей жана Павел Вакуриндерди атап жатат. Спортчулар оюндарга катышуу үчүн азырынча лицензия алыша элек.

Дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиктин басма сөз катчысы Нурдин Султамбаев Kloop.kgге берген маегинде учурда Сочиде өтө турган Олимпиадалык оюндарга талапкер болуп жаткан спортчулар чет өлкөдө,  квалификациялык оюндарда жүргөндүктөрүн билдирди.

«Эгер алар тиешелүү упайларга ээ болушса Сочиге жолдонмо алышат. Сноуборд боюнча негизги талапкерлер бир тууган Вакуриндер, жана тоо лыжасы боюнча Трелевский. Алар олимпиадага катышуу укугун бере турган сертификаттарды [дене тарбия  жана спорт боюнча] мамлекеттик агенттикке алып келип көрсөтүүлөрү керек», — деп түшүндүрдү Султамбаев.

Азырынча Олимпиада оюндарына катышууга үч киши талапкер болууда, бирок учурда Сочиге ким бараарын так, ишенимдүү айтууга мүмкүн эмес, деди басма сөз катчы.

Олимпиадага катыша турган кыргызстандыктардын аты-жөндөрү кийинки жылдын январынын башында белгилүү болот.

Кышкы олимпиадалык оюндар Орусиянын Сочи шаарында 2014-жылдын 6-февралынан 23-февралына чейин өтөт.

Лыжачы Дмитрий Трелевский 2010-жылы, канадалык Ванкуверде өткөн Олимпиада оюндарына катышкан. Анда ал өзү машыккан спорттун түрү боюнча 76-орунга ээ болгон.

Павел жана Алексей Вакуриндер үстүбүздөгү жылдын декабрында Канаданын Лейк Луис шаарында өткөн сноуборд боюнча дүйнөлүк кубоктун квалификациялык бөлүгүнө катышышып, акыркы болуп эсептелген 72чи жана 73-орундарды алып калышкан.

Автор: Шахида Дүйшеева